Ош шаарында өткөн Алыш бел боо күрөшү боюнча Азия чемпионатына катышкан Элзада Момунжанова күрөштүн эркин стили боюнча 55 кг салмакта чемпиондукту жеңип алды. Ал финалдык беттеште Ирандык балбан менен беттешип, 5:3 эсебинде утуп алды.
Азия чемпионатына дүйнөнүн 11 өлкөсүнөн, анын ичинде Индия, Иран, Казакстан, Монголия, Түркмөнстан, Өзбекстан, Жапония жана Кыргызстандан 300гө жакын спортчу катышты. Бул иш-чара 2022-жылдын сентябрында Түркияда өтүүчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына тандоонун экинчи этабы болуп саналат.
Элзада Момунжанова ОшМУнун Эл аралык мамилелер факультетинин 4-курсунун студенти. Алыш күрөшү боюнча Азиянын 2 жолку, Кыргызстандын 4 жолку чемпиону. "2021-жылдын мыкты спортчусу" сыйлыгынын ээси. Казан шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында 3-орунду ээлеген. Өзбекстанда өткөн Азия чемпионатында 1-орунду, Кореяда өткөн Дүйнө чемпионатында 3-орун, грэпплинг боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону. Ушу-Саньда боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону. Борбор Азиянын чемпиону жана профессионал кыз-келиндер арасында өткөн мелдештердин жеңүүчүсү жана Алтын курдун ээси. Пенчак Силат каратэнин түрү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону, Борбор Азиянын чемпиону. Малайзияда өткөн Дүйнө Кубогунда 2-орунду алган. Кол күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону.
Азия чемпиону Элзада Момунжанованы ОшМУнун жалпы жамаатынын атынан жеңиши менен куттуктайбыз, окууларына, спортто ири жетишкендиктерди багынта беришине тилектешпиз!