Бөбөктөр үчүн майрамдык маанай тартууланды

Anasayfa Haberler

Бөбөктөр үчүн майрамдык маанай тартууланды

Image

ОшМУнун Дипломдон кийинки үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борборунун  педиатрия бөлүмүнүн  насаатчылары, ординаторлору Ош облустар аралык балдар клиникалык  ооруканасында дарыланып жаткан 500дөн ашуун балдарга майрамдык маанай тартуулашты.

“Балдар биздин келечегибиз” деген аталыш менен уюштурулган иш-чарага ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков да катышып, бөбөктөрдү майрамы менен куттуктады.

Майрамга катышкан балдар үчүн сүрөт тартуу, шахмат ойноо, ыр, бий конкурстары,  оюн-зооктор уюштурулуп, белектер берилди. Ар бир наристеге бактылуу балалык, чын ден соолук каалашты.

1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнү. Балдарга камкордук жасоо демилгеси 1949-жылы Парижде өткөн аялдардын Демократиялык федерациясынын эл аралык конгрессинде көтөрүлүп, ал биринчи жолу 1950-жылы салтанат менен белгиленген.

fotoğraf Galerisi