“Санарип Мугалим-Дубай 3” конкурсунда ОшМУнун бүтүрүүчүсү жеңишке жетти

Anasayfa Haberler

“Санарип Мугалим-Дубай 3” конкурсунда ОшМУнун бүтүрүүчүсү жеңишке жетти

Image

Жеңүүчү аталган Надилбек кызы Бегимай ОшМУнун Кыргыз филологиясы факультетинин бүтүрүүчүсү, учурда ОшМУнун аспирантура бөлүмүнүн 3-курсун аяктап жатат.  Ош технологиялык университетинин Гуманитардык-технологиялык колледжинин кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп көп жылдан бери эмгектенип келет.

 “Санарип Мугалим-Дубай 3” сынагынын сыйлоо аземи 7-июнь күнү ОшМУнун башкы имаратында өттү. Сынак “Санарип академия” окуу борборунун директору, “Санарип мугалим” конкурсунун уюштуруучусу, ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүсү, Баткен облусунун тургуну Асылбек Мадалиев тарабынан үчүнчү ирет өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков өлкө аймагындагы мугалимдерге дем-шык берип,  билим, тажрыйбасынын өнүгүшүнө салым кошуп жаткан ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүсүнүн иши колдоого аларлык эмгек экендигин белгилеп, Асылбек Мадалиевге ОшМУнун ыраазычылык катын тапшырды.

Сынактын максаты жаңы технологияларды пайдаланып окуучуларга кызыктуу сабак өтүүсүн камсыз кылуу болуп саналат. “Биринчи жолу 2019-жылы уюштуруп, ага 700гө жакын мугалим катышып алардын ичинен 12 жеңүүчү мугалимди Түркия мамлекетине эс алууга жөнөткөн.  Экинчи жолу 2020-жылы өткөн.

“Санарип Мугалим-Дубай 3” сынагы үч этаптан туруп, ар бир этапта республика боюнча элүүдөн ашык мугалимдер конкурстун талаптарына ылайык өз чеберчиликтерин көрсөтүшкөн. Биринчи этапта аудиторияда ачык сабак өткөрүлгөн болсо, экинчи этапта “Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы”  китеби боюнча онлайн тест тапшырышты. Ал эми үчүнчү этапта Кыргызстандын белгилүү жерлерине барып, жаратылыш койнунда окуучуларга, же студенттерге сабак өтүшкөн.

Сынактын жеңүүчүлөрү Дубай, Ташкент шаарларына жана Ысык-Көлгө эс алуу жолдонмолору,  төш белгилер жана ардак грамоталар менен сыйланышты. Сынакка катышкан ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжинин окутуучусу Азизакан Жусупова жана STEM  колледжинен  Айнагүл Орозбаева  төш белги жана ардак грамоталар менен сыйланды.

fotoğraf Galerisi