ОшМУда “Көркөм адабиятка кадам” семинары өттү

Anasayfa Haberler

ОшМУда “Көркөм адабиятка кадам” семинары өттү

Image

Кыргызпатент өткөргөн семинар “Саамалык – 16” адабий китебинин бет ачары жана  “Келечек жаратманы” интеллектуалдык менчик боюнча республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи менен коштолду.

ОшМУнун мамлекеттик тил жана  социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипова  республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүн жана  жаш калемгерлерди куттуктап, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин чыгармачылык демилгелерди шыктандыруу борборунун башчысы Дамира Түлөбердиевага ОшМУнун ыраазычылык катын тапшырды.  Өз кезегинде Дамира Түлөбердиева да Кыргызпатент менен тыгыз байланышта иштеп, колдоо крсөтүп келе жаткан ОшМУнун ректору К.Кожобековго, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору М.Шариповага ыраазычылык каттарын тапшырып, окуу жайдын китепканасына “Саамалык – 16” адабий китебин белекке берди.

Иш-чаранын ачылыш аземинде акын, жазуучу, журналист  Зинакан Пасанова, ф.и.д, ОшМУнун профессор Гулина Жамгырчиева, Жазуучулар союзунун Оштогу бөлүмүнүн төрагасы, акын Улукбек Омокеев учурдагы жаш калемгерлердин чыгармачылыгы тууралуу ойлорун ортого салышты.

 Андан соң “Саамалык – 16” адабий китеби жана “Келечек жаратманы” интеллектуалдык менчик боюнча республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө баалуу сыйлыктар жана диплом, сертификаттар тапшырылды.

Семинарга жаш калемгерлер, белгилүү акын-жазуучулар, мектеп жана мектептен тышкаркы мекемелердин жетекчилери, олимпиаданын катышуучулары, ОшМУнун профессордук-окутуучулар жамааты катышты.

fotoğraf Galerisi