«Улуттук мурас – тарбиянын казынасы» аттуу фестиваль-конкурс жыйынтыкталды

Anasayfa Haberler

«Улуттук мурас – тарбиянын казынасы» аттуу фестиваль-конкурс жыйынтыкталды

Image

ОшМУнун Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин педагогика кафедрасы «Улуттук мурас – тарбиянын казынасы» аттуу фестиваль-конкурсун уюштурду. Иш-чара педагогика кафедрасынын башчысы, доцент Гулмира Жутанованун демилгеси менен өттү.

Таймашка Чыгыш таануу жана тарых факультетинин “Санжыра”, Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин “Кыргыз” командалары катышты.

  Командалар  конкурста саламдашуу, улуттук каада-салттарды учурдун талабына ылайык сахналаштыруу, этнопедагогика боюнча илимпоздордун изилдөөлөрү камтылган тест сынагы, макал-лакап айтышуу, кол өнөрчүлүк боюнча мастер класс, улуттук ыр-бийлер, улуттук баалуулуктар боюнча көргөзмө тапшырмаларын аткарышты.  

Сынактагы калыстардын баалоосу менен “Санжыра” командасы 94 упай,  “Кыргыз” командасы 81 упайга ээ болду. 

Учурдагы жана аралыктан текшерүүгө ылайык практикалык көрдүмдөрдү аткарып, фестиваль-конкурска катышкан  жана жардам көрсөткөн студенттер II модулдан бошотулушту. Мелдештин жеңүүчүлөрү уюштуруучулардын дипломдору менен сыйланды.

 «Улуттук мурас – тарбиянын казынасы» аттуу фестиваль-конкурсту  өткөрүүдөгү негизги максат  окутуу процессинде студенттердин креативдүү компотенцияларын, практикалык көндүмдөрүн, чыгармачылыгын  калыптандыруу болуп саналат. Бул иш-чара учурдагы жана аралыктан текшерүүнүн бир формасы катары көрсөтүлдү.

fotoğraf Galerisi