“ЖОЖ менен мектеп келечекти бирге курат”

Anasayfa Haberler

“ЖОЖ менен мектеп келечекти бирге курат”

Image

ОшМУнун Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин педагогика кафедрасы “ЖОЖ менен мектеп келечекти бирге курат” аттуу педагогикалык практика боюнча жыйынтыктоочу конференция өткөрдү.

Конференцияга педагогикалык практика жетекчиси Адылбек Батыралиев,  факультеттин деканынын милдетин аткаруучу Чынара Гапарова,  ОшМУнун өндүрүштүк практика департаментинин директору Талантбек Матикеев, №3 Эксперименталдык гимназиясынын директору, КРнын эмгек синирген мугалими Гапыр Мадаминов, Ош шаарындагыгы мектептердин директорлору, факультеттердин педагогикалык практикалар боюнча тиешелүү жетекчилери, студенттер катышты.

2021-жылдын сентябрь айында педагогика кафедрасынын башчысы Гульмира Жутанованын демилгеси менен педагогика кафедрасы Ош шаарындагы 14 мектеп жана Баткен облусунун Лейлек районундагы №3 эксперименталдык гимназия менен келишим түзгөн. Келишимде мектеп окуучулары жана жаштарды турмушка даярдоо, кесипке багыт берүү максатында окуу-методикалык, тарбиялык-изилдөөчүлүк жана квалификацияны жогорулатуу боюнча ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу, мектеп менен ЖОЖдун байланышын чыңдоо, тарбиялык иштерди биргелешип жүргүзүү маселелери каралган.  Бул багытта 1 жыл аралыгында  бир топ илимий семинарлар, тегерек столдор уюштурулуп, мектеп, ата-энелер менен Энелер мектебин уюштуруу ишке ашты, “Педагогиканын жалпы негиздери” деген аталыштагы квалификацияны өркүндөтүү курсунан биринчи жолу С.Шарипов мектеп-гимназиясынын  3 мугалими квалификациясын өркүндөтүшкөн. 

Жыйында катышуучулар студенттердин адаптациялык практика, профилдик-базалык практикалары боюнча жасаган иш-аракеттеринин жыйынтыгын угушту. Жогорку окуу жайлары менен мектептин байланышы, студенттердин  практика иштерин аткарылышын жана тапшырылышын талкуулап, суроолорго жооп беришти. Активдүү катышкан студенттерге сыйлыктар тапшырылды.

Жыйында КРнын эмгек синирген мугалими Гапыр Мадаминов мектеп менен ЖОЖ дайыма чогуу иш алып баруу керектигин, ЖОЖ менен мектептин байланышын бекемдеп, өркүндөтүү багытында келишимде каралаган бардык маселелер боюнча иш-аракеттерди жүргүзүп келе жаткан Гульмира Жутанованын  демилгесин жалпы республиканын ЖОЖдоруна жайылтуу керектигин  белгиледи.

 

 

 

 

fotoğraf Galerisi