Тоо экосистемаларын коргоо жана жашыл инновациялар консалтинг борборунун директору Абдижапар Аккулов “Климаттын өзгөрүшүнүн заманбап шарттарында Кыргызстандын тоо экосистемалары” аталышында онлайн лекция окуду. Ага Борбор Азия жана башка өлкөлөрдөгү “Ага Хан” фонду менен иштешип жаткан илим изилдөөчүлөр, жаш адистер, магистранттар, аспиранттар жана экология маселесине кызыккан активисттер катышты.
Лекцияда тоолуу өлкөлөргө мүнөздүү болгон Кыргызстандагы геологиялык коркунучтарга басым жасалган. Ошондой эле тоолуу райондордо, калктуу пункттарда экзогендик геологиялык процесстердин активдүү өнүгүшү боюнча маалыматтар камтылган. Аккуловдун айтымында, Кыргызстан ар түрдүү рельефтүү жана татаал геологиялык түзүлүшү бар өлкө.
Эл аралык статистикага ылайык, азыркы жер көчкүлөрдүн 80%га жакыны адам аракетинин натыйжасында пайда болот. Соңку он жылда геологиялык коркунучтар көбөйүп, калкка олуттуу коркунуч жараткандан сырткары өлкөнүн экономикасына жана экологияга олуттуу зыян келтирүүдө. Ушул жылдары Кыргызстанда 5 миңге жакын жер көчкү катталган, алардын көбү түштүктө. 600гө жакын калктуу конуш көчкү коркунучу жогору болгон аймактарда жайгашкан. Буга байланыштуу Абдижапар Аккулов лекцияда мына ушул маселелерге токтолгон.
ОшМУ жер көчкүнүн алдын алуу жана табигый кырсык болгон аймактарды калыбына келтирүү үчүн "Курбу-Таш токой" долбоорун ишке ашырган. Анын негизинде Өзгөн районуна караштуу Курбу-Таш айылына көчөт тигип, токойго айландыруу иштери жүрүүдө.