Медициналык колледж

Университет Структуралар Колледждер Медициналык колледжи

Медициналык колледж

Адрес Н.Исанов көчөсү 77
Телефон +996 3222 4-35-07
Факс
Веб-сайт http://medcolledj.oshsu.kg/
E-mail mail.oshsu.kg

ОшМУнун медициналык факультетинин Окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде (протокол № 7, 31.05.2002), Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен ОшМУнун Окумуштуулар Кеңеши тарабынан  жана ОшМУнун ректорунун буйругу менен (06.01.2002) медициналык факультеттин астында  окуу -медициналык борбору ачылган. 2003-жылдын 29-декабрында ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечими менен окуу-медициналык борбор ОшМУнун медициналык окуу жайы болуп өзгөртүлгөн

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2008-жылдын 7-августундагы No487/1 “Орто кесиптик окуу жайлардын аталыштарын өзгөртүү жөнүндө” жана ОшМУнун ректорунун 2008-жылдын 31-октябрындагы No923 буйругунун негизинде ОшМУнун алдындагы медициналык окуу жай медициналык колледж болуп өзгөртүлдү.

Адамдарга эң керектүү адистиктин ээси болууну кааласаңыз,анда ОшМУнун алдындагы медициналык колледжге тапшырыныз!

  • ОшМУнун миссиясы: – жалпы адамзаттык баалуулуктарга ээ болгон жана мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүн ишке ашырууга салым кошкон заманбап адистерди даярдоо (ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин 2023-жылдын 31-мартындагы №7 отурумунун протоколу)
  • Баалуулук: колледждин негизги баалуулугу болуп анын кызматкерлери жана студенттери  саналат.
  • ПРИНЦИПТЕР:

• Ачыктык

• Лидерлик

• Өнүгүү жана инновациялар

• Командалык дух

  • ИЛИМ: Колледждеги билим абсолюттук деңгээлде колдонулат. Биз бүгүнкү жана келечектеги актуалдуу билим берүүнү сактоого, жогорулатууга жана өнүктүрүүгө умтулабыз!
  • САПАТ: мезгилдин талабына ылайык жогорку сапаттагы бүтүрүүчүлөрдү даярдоо.
  • ЖООПКЕРЧИЛИК: колледж улуттук программаларды жана ОшМУнун уставын ишке ашырууну, коом алдыга койгон милдеттерди жана калктын керектөөлөрүн сапаттуу камсыздоону жоопкерчилигине алат.
  • Келечекке багыт: Кыргызстандагы эң мыкты медициналык окуу жайлардын бири болууга умтулуу жана маалыматтык технологияларды колдонуу аркылуу аралыктан медициналык билим берүүнү уюштуруу жана мезгилдин талаптарына жооп берген жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо

Адистиктер

 

Адистиктин аталышы жана ыйгарылган квалификациясы

Окуу формасы

Окуу мөөнөтү

060101

«Дарылоо иши»

квалификация- «Фельдшер»;

күндүзгү

3 жыл 6 ай

060102

"Акушердик иши» 

квалификация- «Акушер»;

    күндүзгү

2 жыл 10 ай

060110

«Лаборатордук дартты аныктоо”

квалификация- “Лаборатордук техник”

    күндүзгү

2 жыл 10 ай

060106

Ортопедиялык стоматология

квалификация-

«Тиш техниги»

күндүзгү

2 жыл 10 ай

060108

«Фармация»

квалификация- «Фармацевт»;

күндүзгү

2 жыл 10 ай

060109

«Сестралык иши»

квалификация- «Медициналык сестра»

күндүзгү

2 жыл 10 ай

060107

“Профилактикалык стоматология”

квалификация-

«Профилактикалык стоматология»

күндүзгү

2 жыл 10 ай

 

Фото галерея