| Адрес | Ош шаары, Шакиров көчөсү, 217-а |
| Телефон | 0(3222) 8-81-01 |
| Факс | |
| Веб-сайт | http://fjc.oshsu.kg/ |
| inurgazy@bk.ru |
Финансы-юридикалык колледжи алгач 2004-2005-окуу жылында Ош мамлекеттик университетинин юридикалык сырттан окуу факультетинин курамында ачылып, Укук таануу адистигине өзүнүн алгачкы студенттерин күндүзгү бөлүмгө кабыл алган. ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин 2006-жылдын 30-январындагы №4-протоколунун чечиминин негизинде юридикалык коллеж өз алдынча Финансы-юридикалык колледж болуп түзүлүп, Укук таануу адистигине кошумча Экономика жана бухгалтердик эсеп, Финансы жана кредит адистиктери ачылган.
Учурда «Экономика жана бухгалтердик эсеп», «Финансы жана кредит», «Салык жана салык салуу» “Банк иши” , «Укук таануу», “Укук коргоо”, “Башкарууну документациялык камсыздоо жана архив жүргүзүү”, “Товар таануу жана керектелүүчү товарлардын сапатын экспертизалоо” адистиктерине:
9-класстын базасында жалпы негизги билим берүү - 2 жыл 10 ай
11-класстын базасында орто билим берүү - 1 жыл 10 ай
мөөнөт менен студенттер кабыл алынып, билим берүү процесси жүргүзүлүп келе жатат.
2006-2008-окуу жылдарда коллежге доцент Атантаев Турсункул Өскөнбаевич директор болуп дайындалган. 2008-2009 окуу жылдарында п.и.к., доцент Акматова Танавар Акматовна директор болгон. 2009-2010-окуу жылында доцент Т.К.Эркебаев директор болуп турган. 2010- 2013 жылга чейин доцент М.Айбашов жетектеп келди. 2013-2020-жж. п.и.к., доцент Акматова Танавар Акматовна жетектеп келген. 01.02.2020-жылдан Исаков Нургазы Жолболдуевич колледждин директор кызматына дайындалып иштеп келүүдө.
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 “Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүү мекемелери жөнүндөгү” токтомунун жобосуна ылайык ОшМУнун структуралык бөлүмдөрүнө өзгөртүү киргизүү боюнча 2020-жылдын 10-сентябрындагы №Р-24 буйругунун негизинде Финансы-юридикалык колледжинде:
Адистиктер
|
№ |
Адистиктин аталышы |
даражасы |
Окуу формасы |
Окуу мөөнөтү |
|
1 |
Банк иши |
Орто кесиптик |
күндүзгү |
11(база) 1ж 10ай 9(база) 2ж 10ай |
|
2 |
Финансы |
Орто кесиптик |
күндүзгү |
11(база) 1ж 10ай 9(база) 2ж 10ай |
|
3 |
Экономика жана бухгалтердик эсеп |
Орто кесиптик |
күндүзгү |
11(база) 1ж 10ай 9(база) 2ж 10ай |
|
4 |
Салык жана салык салуу |
Орто кесиптик |
күндүзгү |
11(база) 1ж 10ай 9(база) 2ж 10ай |
|
5 |
Укук таануу |
Орто кесиптик |
күндүзгү |
11(база) 1ж 10ай 9(база) 2ж 10ай |
|
6 |
Укук коргоо ишмердүүлүгү |
Орто кесиптик |
Күндүзгү, дистанттык |
11(база) 1ж 10ай 9(база) 2ж 10ай |
|
7 |
Башкарууну документациялык камсыздоо жана архив жүргүзүү |
Орто кесиптик |
күндүзгү |
11(база) 1ж 10ай 9(база) 2ж 10ай |
|
8 |
Товар таануу жана керектелүүчү товардын сапатын экспертизалоо |
Орто кесиптик |
күндүзгү |
11(база) 1ж 10ай 9(база) 2ж 10ай |