Адрес | Ош шаары Масалиев проспектиси 95/1 |
Телефон | 996 771 001 393 |
Факс | |
Веб-сайт | https://kzhb.oshsu.kg/ |
Ош мамлекеттик университетинин Мугалимдердин билимин өркүндөтүү институту ректордун 2015-жылдын 16- сентябрындагы № 654 буйругу менен ачылган. Институтту алгач физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Артыкова Жылдыз Абсаламовна жетектеп, калыптанышына бараандуу салым кошкон.
2018-жылдан педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Джороев Ташболот Абдыкайымович жетектейт. Бул жылдары институттун базасына ОшМУнун6 мектеби да кошулган: “Ыйман” гимназиясы, “Билим” лицейи, “Кара-Кулжа” гимназиясы, “Ноокат” гимназиясы, “Кара-Суу” гимназиясы, “Зирек” башталгыч билим берүү комплекси.
ОшМУнун структураларын оптималдаштыруу максатында ректор К.Г. Кожобековдун буйругу (№ 4175-ФХД/23) менен Квалификацияны жогорулатуу институту, Мугалимдердин билимин өркүндөтүү институту жана “Адис” окуу борбору бириктирилип, Квалификацияны жогорулатуу борбору болуп 2023-жылдын 15-сентябрында түзүлгөн. Борбордун директорлугуна педагогика илимдеринин кондидаты, доцент Т.А. Джороев дайындалган.
Борбордун максаты окутуучуларды окуу-усулдук, илимий-педагогикалык жетишкендиктер менен ыкчам таанышуусуна мүмкүнчүлүк түзүү, билим берүү мекемелеринин бүгүнкү көйгөйлөрү, аны чечүүнүн илимий практикалык, педагогикалык-психолгиялык жолдорун изилдөө, билим берүү мекемелериндеги адистерди окутуунун заманбап технологиялары менен куралдандыруу болуп саналат.
Квалификацияны жогорулатуу борбору окутуучулардын кесиптик чеберчиликтерин жогорулатуу үчүн бир топ курстарды сунуштайт. Ал үчүн https://kzhb.oshsu.kg/pages/page/16860 ушул шилтеме аркылуу таанышсаңыздар болот.
Борбор тарабынан студент-жаштар үчүн да кыска мөөнөттүү курстар уюштуруу мерчемделген. Ал боюнча https://kzhb.oshsu.kg/pages/page/21805 бул шилтемеге кирип маалымат алсаңыз болот.
Квалификацияны жогорулатуу борбору атайын жобонун негизинде иш жүргүзөт ОшМУнун квалификацияны жогорулатуу борборунун ишмердүүлүгү жөнүндө жобо
ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу борборунун ишмердүүлүгү жөнүндөгү маалыматтарды https://kzhb.oshsu.kg/ ушул шилтемеге кирип алсаңыздар болот.
Биздин дарек: Филология жана маданияттар аралык коммуникация институту, Масалиева-95/1
Байланыш номер: + 996 771 001 393
Соц.тармактар:
Инстаграм - https://www.instagram.com/oshsu_kjb?igsh=MTBxZGU4Y2dxaWRuZw
Facebook - https://www.facebook.com/share/15GdBKjd1E/?mibextid=wwXIfr
Квалификацияны жогорулатуу борборунун курамы:
№ |
Аты-жөнү |
Кызматы |
1 |
Джороев Ташболот Абдыхайымович |
директор |
2 |
Толкун кызы Алина |
жетектөөчү адис |
3 |
Дыйканов Примберди Аширбекович |
методист |
4 |
Абдырасул уулу Адилет |
методист |
5 |
Акимжанова Турсунай Акимжановна |
иш жүргүзүүчү |