Р.Абдыкадыров атындагы маданий-эстетикалык борборунун окуу лабораториясы

Университет Структуралар Борборлор Р.Абдыкадыров атындагы маданий-эстетикалык борбору

Р.Абдыкадыров атындагы маданий-эстетикалык борборунун окуу лабораториясы

Ош мамлекеттик университетинин Р. Абдыкадыров атындагы Маданий-эстетика борборунун окуу лабараториясы, баардык факультетиндеги таланттуу студенттердин башын бириктирген борбор болуп саналат. Мында  студенттер  ырдаганды, бийлегенди, музыкалык  аспаптарда ойногонду үйрөнүп, сабактан кийин атайын  ийримдерге жазылып, өздөрүндө болгон шык-жөндөмүн өстүрүүгө мүмкүнчүлүк  алат.

Ошондой эле, ОшМУда  окуп жаткан студенттерге эстетикалык тарбия берүүдө жана студенттердин маданий эс алуусун камсыз кылууда Р.Абдыкадыров атындагы маданий-эстетика борборунун ролу чоң.  

Р.Абдыкадыров атындагы маданий-борбору 2009-жылдан 2017-жылга чейин  Р.Абдыкадыров атындагы Маданий - эстетикалык борбор аталып, КРнын Эл артисти обончу, аткаруучу Апаз Жайнаков андан кийин белгилүү обончу, аткаруучу ф. и. к, доцент Түмөнбай Колдошов  жетектеп окуу жайдагы таланттуу, студенттерди тарбиялап чоң сахнага алып чыккан.

2016-жылдан 2019-жылга чейин аталган борборго маданияттын мыкты кызматкери  обончу, аткаруучу Эламан Жалалов директор болуп иштеген.  2019-жылдын ноябрь айынан баштап Р. Абдыкадыров атындагы маданий-эстетика борбору окуу лабараториясы болуп өзгөрдү.

 2019-жылдын ноябрь айынан баштап Р.Абдыкадыров атындагы маданий-эстетика борбору окуу лабараториясынын  директору болуп ырчы, обончу, алып баруучу Кубатбек уулу Догдурбек иштеп калды.

2022-жылдын сентябрь айынан баштап Р.Абдыкадыров атындагы маданий-эстетика борборунун окуу лабараториясынын азыркы жетекчиси Ыразаков Дамирбек дайындалды.      

Р.Абдыкадыров атындагы маданий-эстетика борборунун окуу лабараториясында КРнын Эл артисти залкар комузчу Фахридин Баяков,  КРнын эмгек сиңирген артисти обончу Эгемберди Талипов, маданияттын мыкты кызматкери  чебер комузчу  Бекболот Абдубалиев жана белгилүү ырчы  маданиятын мыкты кызматкери  Нурзат Айдаркуловалар эмгектенип кеткен.

Р.Абдыкадыров атындагы маданий-эстетика борборунун окуу лабараториясынын азыркы кызматкерлери Ыразаков Дамирбек, КРнын эл артисти Жолболду Алибаев, Абдрашит уулу Нурлан, ырчы аткаруучу Айпери Кулбаева, скрипачка Замирбекова Айнура, араншировшик Ахмедов Майрамбек, Эсенбаева Самара,

ОшМУнун Р. Абдыкадыров атындагы маданий-эстетика борборунун окуу лабараториясынын кызматкерлеринин түзүмү:

Аты жөнү

Кызматы

Байланыш номери

 

Ыразаков Дамирбек Абдикалилович

Р.Абдыкадыров атындагы маданий-эстетика борборунун окуу лабараториясынын жетекчиси

0552322022

 

Абдрашит уулу Нурлан

Р.Абдыкадыров атындагы маданий-эстетика борборунун окуу лабараториясынын окуу мастери

0702929204

0997983535

 

Алибаев Жолболду Парпиевич

Р.Абдыкадыров атындагы маданий-эстетика борборунун окуу лабараториясынын концертмейстери окуу мастери    

0778241247       

 

Айпери Кулбаева Дүйшөбаевна 

 Р.Абдыкадыров атындагы маданий-эстетика борборунун окуу лабараториясынын концертмейстери

  0773414669      

 

Замирбекова Айнура Замирбековна

Р.Абдыкадыров атындагы маданий-эстетика борборунун окуу лабараториясынын концертмейстери

0706068806      

 

Ахмедов Майрамбек Абдыкеримович

Р.Абдыкадыров атындагы маданий-эстетика борборунун окуу лабараториясынын окуу мастери

0555755596  

 

Эсенбаева Самара Эсенбаевна

Р.Абдыкадыров атындагы маданий-эстетика борборунун окуу лабараториясынын окуу мастери

0704787605

 

Фото галерея