Теология факультети

Теология факультети

Адрес Ош шаары, Н.Исанов көчөсү 77
Телефон 0 3222 4 - 3 5- 61
Факс
Веб-сайт http://theology.oshsu.kg/
E-mail

ОшМУнун теология факультети 1993-жылы ОшМУ жана Түркия мамлекетинин «Диянет» фондунун ортосундагы келишимдин (22.09.1993.) негизинде ачылган. Теология факультети Борбордук Азиядагы мамлекеттерде эң алгачкы ачылган факультет болуп эсептелет.

Факультет 2012-2013-окуу жылынан тартып эки баскычтуу билим берүүнүн негизинде «теология» адистиги боюнча кадрларды даярдайт. Анкара университети менен өз ара кызматташуу жөнүндө түзүлгөн келишимдин негизинде «дин таануу жана гуманитардык предметтер» кафедрасында факультеттин өзгөчөлүгүнө ылайыкталган диний предметтер жана Кыргызстандын мамлекеттик стандартында көрсөтүлгөн предметтер окутулат. Факультеттин окутуучу-профессордук курамын Түркиянын жогорку окуу жайларынан кызматташтык келишимдин негизинде келген жана ОшМУнун тажрыйбалуу окумуштуу-адистери түзөт. Факультетте дин таануу жана гуманитардык предметтер кафедрасы иш алып барат. Учурда кафедрада 14 окутуучу эмгектенет. Кафедранын окутуучу-профессордук курамы 4 доцент, 5 ага окутуучу жана 5 окутуучудан турат. Алардын ичинен: 9 окутуучу – илимдин доктору(PhD) жана 2 окутуучу - илимдин кандидаты.

Факультеттин миссиясы

Учурдун талабына ылайык республикабыздын диний агартуу жаатында адистерди жана жогорку билимдүү кадрларды даярдоо, окутуунун жаңы технологияларын пайдаланып, билимдин сапатын жакшыртып, диндин жалпы адамзаттык баалуулуктарын эл арасына туура жайылтууга, адамдардын рухий дүйнөсүн байытууга салым кошотурган татыктуу адистерди даярдоо.

Факультеттин максаты

Студенттерде инсандык сапаттарды өнүктүрүү, теология багыты боюнча жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык жалпы маданий жана кесиптик компетенцияларды калыптандыруу .

Факультеттин милдети

Теология багыты боюнча алган билимдерин илимий негизде  улантууга, диний маселелерди илимий чечүү жолдорун сунуштай алган жана эксперттик ишмердүүлүккө колдонууга даяр адис болуу менен динге байланыштуу бардык тармактарда тиешелүү тараптардын талаптарына жараша адистерди даярдоо.

Адистиктер

 

 

Адистик

 

 

Шифр

 

 

Окуу формасы

 

 

Окуу мөөнөтү

 

 

 Берилүүчү квалификация

1.

 

Теология (бакалавр)

 

 

531600

 

 

Күндүзгү

 

 

4 жыл

 

 

Теолог

2.

 

 

Теология (орто кесип)

 

 

 

050717

 

 

 

Күндүзгү

 

 

 

11 база - 1жыл 10 ай

9 база - 2 жыл 10 ай

 

 

 

Теолог

3.

Теология (магистратура)

 

531600

 

 

Күндүзгү

 

2 жыл

 

Теолог

Теология факультетинин деканы: Ажимаматов Зайлабидин Касымович

Илимий даражасы  : «Дин таануу» адистиги боюнча философия доктору (PhD),

Электрондук дареги: ajimamatov@oshsu.kg

Байланыш номерлери: +996 778 589 828: +996 773 430 841

 

Фото галерея