Адрес | Ош шаары, Гапар Айтиев көчөсү 4 |
Телефон | 0550 550167006 |
Факс | |
Веб-сайт | http://ipk.oshsu.kg/ |
КР ББИМ лицензиялоо жана аккредитациялоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын чечиминин негизинде ОшМУнун ректорунун 2012-ж. № 358/1 буйругу менен педагогика жана дене тарбия факультетинин алдында башталгыч билим берүү адистиги боюнча “Атайын орто кесиптик билим берүү” бөлүмү ачылган.
КР ББИМнин прот.№3/08 27.02.2014-ж. чечими менен “Мектепке чейинки билим берүү” адистигине уруксат берилип, 2016-2017-окуу жылында студенттер кабыл алынган.
ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин 2017-жылдын 29-кезексиз жыйынын чечиминин негизинде ректордун 2017-ж. 30-августтагы №745 буйругу менен орто кесиптик билим берүү багыты боюнча гуманитардык-педагогикалык колледж болуп өз алдынча түзүлүп, мектепке чейинки билим берүү, башталгыч класстарда билим берүү жана социалдык иштер адистиктери ачылган. Ал эми 2018-жылдын 14-мартынан индустриалдык-педагогикалык колледж болуп бекитилип, окуу жайга п.и.к, доцент Шаимкулов Олжобай Акматович директор болуп дайындалган. 2024-жылдын сентябрь айынан баштап колледжди ф.и.к., доцент Манашов Мирлан Эсенбаевич жетектеп келүүдө.
2018-жылы Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжи Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр: секторду өнүктүрүү” программасына кирген.
Аталган долбоордун негизинде пилоттук колледжде Алдыңкы тажрыйба борбору (АТБ) уюшулуп, өз ишин региондун жана республиканын эмгек рыногуна тартууламакчы.
Алдыңкы тажырыйба борбору (АТБ) – бул орто кесиптик адистерди даярдаган, өлкөнүн социалдык-экономикалык жана эмгек рыногунун талаптарына жооп берген, заманбап коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзгөн, кадр даярдоодо өзгөчө потенциалга, жогорку жетишкендиктерге ээ болгон окуу жай. Анда студенттер компетенттүүлүккө багыттап окутулуп, сапаттуу билим берүү чөйрөсү түзүлүп, башкарууда, финансылык каржылоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишет. Ошондой эле, кызыктар тараптардын талабын канааттандырган, алардын кызыкчылыктарына ылайык окуу программаларын түзгөн, иш берүүчүлөрдүн ишенимине кирип, социалдык өнөктөштүктү жогорку деңгээлде жүргүзгөн, кызыктар тараптардын талаптарын аныктоо менен азыркы эмгек базарынын талабына ылайык инновациялык сунуштарды эске алуу менен иштеген окуу жай болуп эсептелет.
Индустриалдык-педагогикалык колледж 2015-жылдын 29-августунда ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин отурумунда (№1-протокол) кабыл алынган миссиянын негизинде иш алып барат:
Колледждин максаты - Улуттук жана эл аралык стандарттардын деңгээлине ылайык келген, кесиптик көндүмдөргө ээ болгон компетенттүү адистерди даярдоо.Кыргызстанда жана эл аралык деңгээлде таанылган, атаандаштыкка жөндөмдүү, кызыктар тараптардын талаптарын канааттандырган окуу жайга айлануу.
Колледждин миссиясы – Өлкөнүн, региондун социалдык-экономикалык муктаждыктарын канааттандырган, сапаттуу кесиптик билим берүү.
Колледждин милдеттери:
Манашов Мирланбек Эсенбаевич
Электрондук дареги: oshsu_ci@mail.ru
Билими: жогорку
Илимий даражасы жана наамы: философия илимдеринин кандидаты доцент
Байланыш номери: +996 554 976 700
АДИСТИКТЕР
№ |
Адистиктин аталышы |
Окуу формасы |
Окуу мөөнөтү |
1 |
Башталгыч класстарда окутуу |
Күндүзгү |
2-жыл 10-ай 1-жыл 10-ай |
2 |
Мектепке чейинки билим берүү |
Күндүзгү |
2-жыл 10-ай 1-жыл 10-ай |
3 |
Эсептөө техникасын жана автоматташтырылган системаларды программалык жабдуу (ПОВТАС) |
Күндүзгү |
2-жыл 10-ай 1-жыл 10-ай |
4 |
Тигүү буюмдарын конструкциялоо, моделдештирүү жана технологиясы |
Күндүзгү |
2-жыл 10-ай 1-жыл 10-ай |
5 |
Дизайн |
Күндүзгү |
2-жыл 10-ай 1-жыл 10-ай |
6 |
Дене тарбия |
Күндүзгү |
2-жыл 10-ай 1-жыл 10-ай |
7 |
Социалдык иш |
Күндүзгү |
2-жыл 10-ай 1-жыл 10-ай |