Окумуштуулар кеңеши

Университет Окумуштуулар кеңеши

Окумуштуулар кеңеши

Адрес Ленин көчөсү 331
Телефон 03222 70745
Факс
Веб-сайт https://base.oshsu.kg/univer/?lg=1&id_parent=30
E-mail dasanbekova@oshsu.kg

Ош мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңеши (кийинки – ОшМУ) негизги башкаруу органы катары бир нече маанилүү функцияларды аткарат. Коллегиалдуу орган катары, ал университеттин ишмердүүлүгүнүн ар түрдүү аспектилерин жөнгө салуучу негизги локалдык документтерди кабыл алат: ОшМУга кабыл алуу эрежелери, илимий изилдөөлөрдүн приоритеттүү (артыкчылыктуу) багыттарынын тизмеси, кызмат орундарын ээлөө тартиби жөнүндө жобону, окумуштуу наамдарды ыйгаруу, университеттик сый акыларды берүү, сыйлыктарга көрсөтүү ж.б.у.с. Профессор, доцент, кафедра башчыларын шайлайт ж. б. у. с. Стратегиялык пландаштырууну ишке ашыруу менен Окумуштуулар кеңеши Ош мамлекеттик университетинин жаңы факультеттерин, кафедраларын жана лабораторияларын, филиалдарын түзүү, бөлүү, жоюу жана таланттуу университеттик жаштарды колдоо, сыйлоо программаларын уюштуруу боюнча чечим кабыл алат (Мисалы: «Атуулдук стипендия», «Окумуштуулар кеңешинин стипендиясы») ж.б.у.с.  ОшМУнун Окумуштуулар кеңеши өз жыйындарында академиялык жана илимий саясатын, эл аралык кызматташтыкты жана социалдык, кадр саясатын, ОшМУнун инфраструктурасын өнүктүрүү маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат.

 

 

Фото галерея