Эл аралык медицина факультети 2015-жылдын 29-августунда Ош Мамлекеттик Университетинин Окумуштуулар Кеңешинин максаттуу чечиминин негизинде ачылган. Ош Мамлекеттик Университети - Кыргызстандагы билим берүүнүн флагманы, эл аралык университеттердин Шанхай ассоциациясынын мүчөсү, борбордук Азия мамлекеттеринде эң алгачкылардан болуп эл аралык медицина факультетин ачты. Эл аралык медицина факультети Ош МУдагы жогорку кесиптик билим берүүнүн эң жаш бөлүмү болуп саналат.
ЭМФ факультетинин миссиясы –
ЭМФ факультеттин максаты:
1. Өз алдынча өнүгүүгө жана ар тараптан билим алууга жөндөмдүү, профессионалдык илим-изилдөө ишмердүүлүгүндө зарыл компотенцияларга ээ болгон, коомдун талабына ылайык профессионалдык атаандашуучулук жөндөмүнө ээ болгон, КРдин жана чет өлкөлөрдүн эмгек рыногундагы талап кылынган жогорку квалификациялуу медициналык адистерди даярдоо;
2. Улуттук медициналык билим берүүнү интернационалдаштыруу;
3. ЖОЖдор аралык байланыштарды ишке ашыруу максатында чет өлкөлүк билим берүү мекемелери менен шериктештикти жолго коюу, университеттин кадыр-баркын эл аралык деңгээлге чыгаруу жана бекемдөө;
4. Эл аралык илимий - маалыматтык жана коммуникациялык мейкиндиктин системасына жана региондогу негизги медициналык билим берүү борборлорунун алдыңкы тобуна кирүү. Окуу-тарбиялык иштери эл аралык англис тилинде жүргүзүлөт.
ЭМФ факультетинин милдети – улуттук жана эл аралык деңгээлде атаандаштыкка туруштук берген татыктуу кадрларды даярдоочу устат болуу. Ар бир студентти окууга, жашоого, чыгармачыл болууга үйрөтүү.