ОшМУнун кесиптик бирлиги

Университет ОшМУнун кесиптик бирлиги

ОшМУнун кесиптик бирлиги

Бүгүнкү күндө кесиптик билим берүү жана илимий изилдөө ишмердигиндеги өзүнүн 80 жылдык тарыхы бар,  Ош мамлекеттик университетинин кесиптик бирлиги – административдик-башкаруу жана профессордук-окутуучулар курамынын кызматкерлери, окуу-көмөкчү персоналдар мүчөсү болушкан республикабыздагы эң ири коомдук уюмдардын бири. Кыргыз Республикасынын  эмгек менен камсыз болуу жөнүндөгү мыйзамдардын сакталышы боюнча коомдук көзөмөлдөөнү жүргүзүү кирет.

Ош мамлекеттик университетинин кесиптик бирлиги менен ректоратынын ортосунда кабыл алынган Жамааттык Келишимде көрсөтүлгөндөй, эмгек жамаатын укуктук жана социалдык жактан коргоо, эмгекти жана саламаттыкты коргоо кызматкерлердин эс алуусун уюштуруу, спортту колдоо ж.б. иш-чараларын иштеп чыгып сунуштайт жана алардын аткарылышын көзөмөлдөйт.

Кыргызстанда профсоюздар өз ишмердигин башкы мыйзамыбыз Конституцияда көрсөтүлгөн нормаларга, “Коомдук бирикмелер жөнүндөгү”, “Профсоюздар жөнүндөгү”, “Социалдык өнөктөштүк жөнүндөгү”, “Жамааттык келишимдер жөнүндөгү”, Эмгек Кодексине ж.б. мыйзамдарга, Өкмөттүк укуктук-нормативдик бир катар документтерге ылайык жүргүзүп келишүүдө. Кыргызстан профсоюздар федерациясы (КПФ) өлкөнүн баардык профсоюздук тармактарын (билим берүү жана илим, саламаттыкты сактоо, айыл чарбасы, токой чарбасы, мамлекеттик мекемелер, транспорт, курулуш, соода ж.б.) өзүнө бириктирет. КПФ жана баардык тармактык профсоюздар өздөрүнүн уставдарын жетекчиликке алып иш алып барышат.                    

Максаты: ОшМУнун  кесиптик бирлиги тарабынан баштапкы профуюмдардын лидерлери үчүн окуу семинарлары, ошондой эле өз ишмердигин жакшыртуу боюнча иш-чаралар регулярдуу өткөрүлөт. Кесиптик бирлигинин  жамаат мүчөлөрүнүн социалдык-укуктук кызыкчылыктарын, эмгекти коргоо, жумуш шарттарын жакшыртуу, илимий-педагогикалык чыгармачылыкты колдоо жана кызматкерлерди сыйлоо, эмгек акыны жогорулатуу жана эмгекти материалдык жактан стимулдаштыруу боюнча сунуштарды берет. Профсоюздун муктаж мүчөлөрүнө дайыма материалдык жардамдар көрсөтүлөт, маданий-массалык жана спорттук иш-чаралар уюштурулуп өткөрүлөт, майрамдык жана белгилүү даталар салтанаттуу белгиленет.                

Анда негизинен профком менен ректорат ортосунда өнөктөштүк иштердин деңгээлин жана кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу, эмгек стажы, зыяндуу жумуш орундар үчүн кошумча төлөмдөрдү төлөө, профсоюзга студенттерди мотивациялоону күчөтүү, жаш кызматкерлерди, жалпы эле турак-жайга муктаждар үчүн ипотекалык кредиттерди алууга көмөктөшүү, спортту колдоону күчөтүү, жамаат ичинде ынтымакты, биримдикти бекемдөө, жакшы иштерди кенен жайылтуу, ардагерлерге урмат-сый көрсөтүү, жаштарга маданияттуулукту  үйрөтүү жана таалим-тарбия берүү, айлана-чөйрөнүн жана жан дүйнөнүн тазалыгын сактоо, аларга ар тараптуу моралдык жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды аткаруу, кызматкерлер менен студенттердин социалдык-укуктук кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат.

ОшМУнун  кесиптик бирлик  комитетинин  президиумунун  курамы:

  1. Саттаров Абсамат Эрмаматович - ОшМУнун кесиптик бирлик  комитетинин  төрагасы, комиссиянын төрагасы;

Комиссиянын мүчөлөрү:

  1. Рысалиев Эстебес Турганбаевич - ОшМУнун бириккен кесиптик бирлик  комитетинин  башкы  эсепчиси;
  2. Зулпукаров Капар Зулпукарович - ОшМУнун аксакалдар кеңешинин төрагасы;
  3. Аккулов Абдижапар Ураимович – ОшМУнун квалификация жогорулатуу институтунун  директору;
  4. Артыкова Жылдыз Абдисаламовна - Башкаруу бөлүмүнүн профбюро төрайымы;
  5. Сейитказыева Гулнара  - ОшМУнун аялдар кеңешинин төрайымы;
  6. Маматкулов Орозбай Идирисович -ТТАТФнын профбюро төрагасы;
  7. Манасов Насырбек Абдувалиевич – медицина факультетинин профбюро төрагасы;
  8. Турдубаев Бакытбек Абдилатович – ОшМУнун кесиптик бирлик комитетинин эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук боюнча адис;
  9. Маматалиев Курсанбек Ажибекович - АХЧнын профбюро төрагасы;
  10. Аспердиева Чынара Мейманалиевна - Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин профбюро төрайымы;
  11. Маликов Алтынбек - ФЮКтун профбюро төрагасы;
  12. Нуруев Мирлан Камалович – Эл аралык медицина факультетинин профбюро төрагасы;
  13. Жээнбаев Аман – Ыйман лицейинин профбюро төрагасы;
  14. Жумабаев Бекжан – Студенттик акыйкатчы аппаратынын жетекчиси;

ОшМУнун профсоюз комитетинин курамы

Фамилиясы, аты

Иштеген жери

1

Саттаров Абсамат Эрмаматович

ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы

2

Рысалиев Эстебес Турганбаевич

Профсоюз комитетинин башкы эсепчиси

3

Турдубаев Бакытбек Абдилатович

Кесиптик бирлик комитетинин эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук боюнча адис

4

Айтыкулова Айжаныл

Мамасалиевна

Жетектөөчү адис

 

 

        Структуралар

5

Артыкова Жылдыз Абдисаламовна

Башкаруу бөлүмүнүн профбюро төрайымы

6

Маматалиев Курсан Ажибекович

Админ. чарба департаментинин профбюро төрагасы

7

Сулайманова Альбина Авазбековна

Китепкананын профбюро төрайымы

8

Калыкбердиева Жыргалай Абдулвалиевна

Техникалык камсыздоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн профбюро төрайымы

9

Эшенкулова Разия

Ош МУнун профилакториясынын  профбюро төрайымы

 

 

         Факультеттер

10

Шаимкулова Айбурак  Исамидиновна

Орус филологиясы факультетинин профбюро төрайымы

11

Аспердиева Чынара Мейманалиевна

Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин профбюро төрайымы

12

Султанова Арууке Медетбековна

ВШМОПтун профбюро  төрайымы

13

Ислаев Медетбек Назарович

Педагогика жана психология факультетинин профбюро  төрагасы

14

Матаев Медербек Айтибаевич

Искусство факультетинин профбюро төрагасы

15

Калбаев Умирбек  Маткасимжанович

Бизнес жана менеджмент факультетинин профбюро  төрагасы

16

Манасов Насырбек Абдувалиевич

Медицина факультетинин профбюро төрагасы

17

Карабаева Индира Бектемировна

Тарых факультетинин факультетинин профбюро  төрайымы

18

Жолдошов Толкунбек Мамытович

МИТ факультетинин профбюро  төрагасы

19

Жороев Атабек Митаевич

Физика-техника факультетинин профбюро төрагасы

20

Маматкулов Орозбай Идирисович

Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин профбюро төрагасы

21

Жусубалиев Али

Теология факультетинин профбюро төрагасы

22

Табалдыев Нурбек Алибекович

Юридика факультетинин профбюро төрагасы

23

Жумаев Нурбек Жапаралиевич

Кыргыз филология факультетинин профбюро төрагасы

24

Нуруев Мирлан Камалович

Эл аралык медицина факультетинин профбюро төрагасы

25

Муктар кызы Нурпейил

 

Кыргыз-Кытай факультетинин профбюро төрайымы

26

Аскаров Гулжигит Рустамбекович

Дипломдон кийинки мед. билим берүү борборунун профбюро төрагасы

27

Бердибек уулу Чынгыз

Эл аралык мамилелер факультети

28

Капаров Афтандил Сабирдинович

Дене тарбия факультетинин профбюро  төрагасы

 

 

         Коллеждер

29

Маликов Алтынбек Азизбекович

ФЮКтун  профбюро төрагасы

30

Боронов Самат Календарович

“STEM” коллежинин профбюро төрагасы

31

Бекназаров Сабырбек

Мамасалиевич

Эл аралык билим берүү программасы коллежинин профбюро төрагасы

32

Караев Элзар Токтомаматович

Медициналык коллежинин профбюро төрагасы

33

Тойгелди кызы Айчурок

Өзгөн медколлеждин профбюро төрагасы

34

Мамасадыков Айбек Убраимжанович

Индустриалдык-педагогикалык коллежинин профбюро  төрагасы

 

 

        Лицейлер

35

Жайлообаева Гүлбарчын

“Ноокат” мектеп гимназиясынын профбюро төрагасы

36

Тайтокур уулу Абдилабал

“Кара-суу” мектеп гимназиясынын профбюро төрагасы

37

Турганбаева Ибадат Махамадиновна

 “Зирек” башталгыч мектебинин профбюро төрайымы

38

Сагынбаева Нурила Токуровна

“Билим” лицейинин профбюро төрайымы

39

Жээнбеков Аман Бапыевич

Ыйман лицейинин профбюро төрагасы

 

 

Студенттер боюнча

40

Жумабаев Бекжан Доронович

ОшМУнун студенттик акыйкатчы

Профсоюз уюмунун тарыхы 

Ош мамлекеттик университетинин профсоюз комитети – административдик-башкаруу жана профессордук-окутуучулар курамынын кызматкерлерин, окуу-көмөкчү персоналын, аспиранттарды, изденүүчүлөрдү, магистранттар жана студенттерди бириктирген республикадагы эң ири коомдук уюмдардын бири. Анын тарыхы 1939-жылдан, Ош мугалимдер институту  түзүлгөн учурдан башталып, 9 окутуучу жана жүзгө жакын студенттер институттун профсоюз комитетинин алгачкы жамаатын түзүшкөн. Алгач профсоюз уюму жергиликтүү комитет деп аталган. Ал кездеги мыйзамдар боюнча, профсоюз уюмунун мүчөлүк акысына айлык маяна жана стипендиядан 0,5 % кармалып турган.  Архив маалыматтары боюнча, институттан жергиликтүү комитетке 1939-жылы 449 рубль, 1940-жылы 1598 рубль акча каражаты которулган.

1951-жылы мугалимдер институту педагогикалык институт катары кайра түзүлгөндө, 29 окутуучу, 350 студенттен турган ОшПИнин профсоюз комитети уюшулган. Окуу жайдын профкомунун алгачкы төрагасы болуп Сражидин Байбеков иштеген (1951-1955). Анын демилгеси менен институттун профсоюз уюму Гүлчөдөгү балдар үйүнүн тарбиялануучуларын шефтикке алып, бир топ жыл балдарды азык-түлүк жана кийимдер менен камсыздап турушкан.

Кийинки жылдары уюмдун жетекчилери болуп А.Приев (1955-57-ж.), М.Абдулина (1957-61-ж.), С.Кравченко (1961-64-ж.),  Ж.Шериев (1964-68-ж.), А.Пирматов (1968-69-ж.), Е.Штрауфман (1969-71-ж.), О.Карашев (1971-73-ж.), Ж.Асанбеков (1973-78-ж.), К.Назаров (1978-83-ж.), Б.Токторалиев (1983-87-ж.), С.Абдугулов (1987-99-ж.), Б.Иметов (1999-2004-ж.), А. Аккулов(2004-2020-ж.) иштешкен. ОшМУнун профсоюз комитетинин 2020-жылдын 20-февралында өткөн XXXIV конференциясынын токтомдору менен анын төрагасы болуп, биология илимдеринин кандидаты, доцент Саттаров Абсамат Эрмаматович  шайланып, бүгүнкү күндө иштеп келүүдө.

 

Саттаров Абсамат  Эрмаматович

Ош мамлекеттик  университетинин кесиптик бирлигинин төрагасы, доценти

Саттаров Абсамат Эрмаматович 1973-жылы 4-августта  Ош областынын Алай районунун  Дароот – Коргон айылында туулган. 1988-1991-жылдары №44 кесипчилик-техникалык окуу жайында билим алган. 1991-1993-жылдары  РФнын Мурманск областынын Апатит шаарында  аскердик кызматын  өтөгөн. Эмгек ишмердигин 1994-1999-жылдары  ОшМУнун табият таануу жана география факультетинин “биология жана химия”  адистиги, ал эми 2016-2019-жылдары  ОГПИнин дене тарбия факультетинин  “дене маданияты”  адистиги боюнча билим алган. 1999-жылдан баштап  ОшМУнун медицина факультетинин гистология жана патанатомия кафедрасы морг башчысы, лаборант, окутуучу, улук окутуучу, доценти болуп иштеп келе жатат.  2006-2019– жылдары медицина факультетинин контракт, тарбия, окуу иштери боюнча декандын орун басары, 2019-жылдын 12-июлдан баштап 2020-жылдын 22-февралга чейин табият таануу жана география факультетинин факультеттер аралык №2 дене тарбия  кафедрасынын башчысы, 2020-жылдын 20-февралынан   ОшМУнун профсоюз кесиптик бирлигинин төрагасы кызматына шайланган.

Сыйлыктары:

  • ОшМУнун ардак  грамотасы дана дипломдору ( 2001, 2003, 2004, 2007, 2008,2009,2011,2012,2015);
  • Ош шаардык мэриянын ардак грамотасы (2007);
  • Ош областтык администрациясынын ардак грамотасы  (2008);
  • ОшМУнун профсоюз комитетинин ардак грамотасы  (2012);
  • Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин ардак грамотасы (2012);
  • Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим минстрилигинин ардак грамотасы (2012);
  • Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрилигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси (2019);

Илимий иштери:

  • 2019-жылы 30-октябрда  м.и.д., профессор Т.М. Тулекеевдин жетекчилиги астында  РФнын Санкт Петербург педиатриялык медициналык  мамлекеттик университетинде «Физическое развитие и телосложение у детей подросткового и юношеского возраста различных экологических зон Кыргызстана» аттуу темада биология илимдеринин кандитаты окумуштуулук даражасын коргогон. 60дан ашуун илимий макалардын автору.

Байланыш телефондору:

Кабылдама:    0(3222) 7-21-56

Бухгалтерия:  0(3222) 7-08-20

e-mail:               asattarov@oshsu.kg

Жалпы жобо

Ош мамлекеттик университетинин ректораты менен анын эмгек жана студенттик жамаатынын атынан кесиптик бирлик уюмунун ортосунда жамааттык келишим түзүлөт, ага ылайык жамааттын мүчөлөрү - кызматкерлер, аспиранттар жана магистранттар, студенттер университеттин Уставына жана ички эмгек тартибине ылайык белгилүү бир кесипке, квалификацияга жана кызмат ордуна иштөөгө жана окутууга коюлган талаптарды аткарууга милдеттенет. Ал эми Ош мамлекеттик университетинин администрациясы аларга эмгек акысын убагында төлөөгө, эмгек шарттары жана коопсуздугун камсыз кылууга, ошондой эле Эмгек кодексинде (ЭК), Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында жана ушул жамааттык келишимде каралган билим берүүгө милдеттүү.

ЖАМААТЫК КЕЛИШИМ

ОшМУнун кесиптик бирлигинин жыйыны

Фото галерея