Диссертациялык кеңештердин иш-аракеттери
2021-жылы КРдин Жогорку Аттестациялык Комиссиясынын уруксаты менен университетте 8 Диссертациялык Кеңеш илимдин 23 адистиги боюнча кандидаттык жана доктордук диссертацияларды коргоолорду уюштурушту. Анын ичинен ОшМУ 5 диссертациялык кеңештин негиздөөчүсү катары, 3 диссертациялык кеңештибашкаокуу жайлар жана илимий институттар менен биргеликте иштетишти:
ОшМУнун бир топ окумуштуулары республикада көптөгөн диссертациялык кеңештерде төрага, төраганын орун басары жана мүчөлөрү болуп кызмат көрсөтүүдө, ошондой эле тиешелүү илимий адистерди даярдоого өз салымдарын кошуп келишет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-январындагы «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын маселелери жөнүндө» ПЖ № 12- Жарлыгына ылайык илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоонун улуттук системасынын иштешин камсыз кылуу, мамлекеттик маанидеги эң маанилүү инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн илимий кызматкерлерди даярдоонун деңгээлин жана статусун жогорулатуу максатында Окумуштуулук даражаларды берүү тартиби жөнүндө, Диссертациялык кеңеш жөнүндө, Окумуштуулук наамдарды ыйгаруу тартиби жөнүндө жана Эксперттик кеңеш жөнүндө Жоболору жаңыдан бекитилди.
Жаңы бекитилген тартиптирге ылайык докторлук диссертациянын негизги жыйынтыктары рецензиялануучу илимий мезгилдүү басылмалардын тизмегине кирген илимий басылмаларда жарыяланышы керек, алардын тизмегин түзүү эрежеси, рецензиялануучу басылмаларга карата талаптар, аларга балл менен баа берүү Комиссиянын президиуму тарабынан бекитилет жана Комиссиянын сайтына жайгаштырылат. «Scopus» же «Web of Science» системалары аркылуу индекстелүүчү мезгилдүү илимий басылмаларда бир макаланын болушу милдеттүү, буга кыргыз тили жана кыргыз адабияты боюнча диссертациялар кирбейт, алар үчүн РИНЦ системасы аркылуу индекстелүүчү, импакт-фактору 0,2ден кем эмес мезгилдүү илимий басылмаларда 4төн кем эмес макаласынын болушу милдеттүү болуп саналат. Жарыяланган эмгектери боюнча жалпы балл 250дөн кем эмес болушу керек (мурда 300 болчу).Гезиттик макалалар, депонирленген кол жазмалар, докладдын тезистери жарыяланган эмгектердин тизмесине кирбейт.
Кандидаттык диссертациянын негизги жыйынтыктары рецензиялануучу илимий мезгилдүү басылмалардын тизмегине кирген илимий басылмаларда жарыяланышы керек, алардын тизмегин түзүү эрежеси, рецензиялануучу басылмаларга карата талаптар жана аларга балл менен баа берүү Комиссиянын президиуму тарабынан бекитилет жана Комиссиянын сайтына жайгаштырылат. «Scopus», «Web of Science» же РИНЦ системалары аркылуу индекстелүүчү импакт-фактору 0,1ден кем эмес илимий басылмаларда 2ден кем эмес макаланын болушу милдеттүү болуп саналат. Жарыяланган эмгектери боюнча жалпы баллы 100дөн кем эмес болушу керек (мурда 150 болчу).Басма органынын бир басылышына изденүүчүнүн экиден көп эмес макаласы жарыяланса болот, калган макалалары эсепке алынбайт. Акыркы макалалары диссертацияны диссертациялык кеңешке сунуш кылаардан бир ай мурун жарыяланышы керек.
Жогорудагы өзгөрүүлөр быйылкы жылда ОшМУнун окутуучулары тарабынан кандидаттык жана докторлук диссертацияларды коргоо көрсөткүчүн жогорулатат деген ишеним бар.