Окутуучулар арасында сынак жарыяланды

Башкы Жаңылыктар

Окутуучулар арасында сынак жарыяланды

Image

ОшМУнун окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү  “ОшМУнун заманбап лектору – 2025”, “ОшМУнун заманбап окутуучусу – 2025”, “Педагогикалык дебют – 2025” жана “ОшМУнун заманбап СӨАИ чебери – 2025” конкурстарын өткөрүүнү  Ж А Р Ы Я Л А Й Т!

Конкурстун 1-туру 2024-жылдын ноябрь-декабрь айында ОшМУнун бардык кафедраларынын, бөлүмдөрүнүн жана ПЦКлардын деңгээлинде төмөнкүдөй аталыштарда өткөрүлөт:

  “Кафедранын (бөлүмдүн, ПЦКнын)  заманбап лектору”

  “Кафедранын (бөлүмдүн, ПЦКнын) заманбап окутуучусу”

  “Педагогикалык дебют” кафедранын (бөлүмдүн, ПЦКнын) мыкты жаш окутуучусу

  “Кафедранын (бөлүмдүн, ПЦКнын) заманбап СӨАИ чебери”

Конкурсту уюштуруу жана өткөрүү кафедранын (бөлүмдүн, ПЦКнын) башчысы жана усулчусуна жүктөлөт. Кафедранын (бөлүмдүн, ПЦКнын) деңгээлинде эксперттик топтун курамы түзүлөт.

Конкурсту уюштурууга жооптуулардын милдеттери жана укуктары:

  • Конкурсту өткөрүүнүн тартибин, формасын жана мөөнөттөрүн аныктайт;
  • Конкурска тапшырылган материалдардын мазмунун жана аларды баалоонун нормаларын, критерийлерин иштеп чыгат;
  • Конкурстун эксперттик тобунун курамын түзөт, алардын ишинин регламентин аныктайт;
  • Конкурсту кафедранын (бөлүмдүн, ПЦКнын) социалдык баракчаларына жарыялоону, маалыматтык материалдарды чыгарууну камсыздайт;
  • Конкурстанттардын кесиптик жана чыгармачыл жөндөмдөрүнө баа берет;
  • Ачык добуш берүү менен, топтолгон баллдардын негизинде конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө чечим чыгарат.
  • Конкурстун жыйынтыгын чыгаруу үчүн эксперттик топтун чечимине  төрага кол тамга койгон протоколу ОМКнын төрагасына (төрайым) тапшырылат.

 

Эскертүү: ОшМУнун конкурстар боюнча жоболоруна ылайык жүргүзүлөт.