Студент Муслима Довурова эл аралык медиа мектепте окуудан өттү

Башкы Жаңылыктар

Студент Муслима Довурова эл аралык медиа мектепте окуудан өттү

Image

ОшМУнун  Педагогика, искусство жана журналистика институтунун студенти Муслима Довурова Москвадагы медиа мектептен окуудан өттү. Тренинг 1-5 декабрь күндөрү болгон. Ошондой эле ал III эл аралык “Чынчыл көз караш 2024” медиа сыйлыгын тапшыруу аземине катышты.  

Довурованын айтымында, медиа мектепте эл аралык көйгөйлөр жана глобалдык чакырыктар боюнча маалымат берилген. Журналистикадагы заманбап усулдар жана эл аралык гуманитардык долбоорлорду чагылдыруу боюнча мастер класс көрсөтүлгөн. Орусиялык жана чет элдик адистер массалык коммуникация технологиялары боюнча лекцияларды окушкан. 

Окутуу журналисттик квалификацияны жогорулатуу, билим чөйрөсүн кеңейтүү максатында уюштурулган. Ага 32 өлкөдөн келген журналисттер, активистер жана студенттер катышты. Мындан сырткары Москванын тарыхый жана маданий жерлерине экскурсия болгон.

 

Фото галерея