Туулган жери жана жылы: Ош обл. 26.11.1978 ж.
Электрондук дареги: esharov@oshsu.kg, elzare78@mail.ru
Билими: жогорку
- 1996-2001-жылдары Ош МУнун физика-математика жана информатика факультетинин математика жана информатика адистигин бүтүргөн;
- 1998-2000-жылдары ОшТУ (Ош технологиялык университетинин) жогорку окуу жайлар аралык аскердик факультетин бүтүргөн – запастагы офицер;
- 2001-2005-жылдары Ош МУнун “Жалпы информатика” кафедрасында окутуучу;
- 2005-2008-жылдары РФнын Томск мамлекеттик университетинин механика-математика факультети, эсептөө математикасы адистиги боюнча – аспирант;
- 2008-жылдын 25-декабрында 05.13.01 – тутумдук анализ, маалыматтарды башкаруу жана иштеп чыгуу адистиги боюнча -"Мезгилдүү катарлардын рекурренттик моделдерин 2-жана 3-тартиптердин В-сплайндын негизинде оптималдаштыруу".(«Оптимизация рекуррентных моделей временных рядов на основе В-сплайнов 2-го и 3-го порядков») деген аталыштагы темада Томск мамлекеттик университетинин кандидаттык жана докторлук диссертациялык кеңешинде физика-математика илимдеринин кандидаты даражасын ийгиликтүү коргогон;
- 2014-жылдын 13-октябрында РФнын Билим берүү жана илим Министрилигинин №562/нк-2 буйругу менен 05.13.01 – тутумдук анализ, маалыматтарды башкаруу жана иштеп чыгуу адистиги боюнча “доцент” илимий наамын алган.
- Адистиги (квалификациясы): Математика жана информатика
- Илимий даражасы жана наамы: Физика-математика илимдеринин кандидаты, 05.13.01 – Тутумдук анализ, маалыматтарды башкаруу жана иштеп чыгуу адистиги боюнча доцент
- Аскердик наамы: 1998-2000-жылдары ОшТУнун жогорку окуу жайлар аралык аскердик факультетин бүтүргөн, запастагы офицер – кенже лейтенант.
- Жалпы стажы: 25 жыл.
Иш-тажрыйбасы:
- 2001-2005-жылдары, Ош МУнун физика-математика жана информатика факультетинин жалпы информатика кафедрасынын окутуучусу;
- 2007-2008-жылдары, РФнын Томск шаарындагы Томск мамлекеттик архитектура-курулуш университетинде окуу мастери;
- 2008-2009-жылдары, РФнын Томск шаарындагы Томск мамлекеттик архитектура-курулуш университетинде колдонмо математика кафедрасынын ага окутуучусу;
- 2010-2021-жылдары, РФнын Томск шаарындагы Томск мамлекеттик архитектура-курулуш университетинде колдонмо математика кафедрасынын доценти;
- 2021-2022-жылдары, И. Арабаев атындагы КМУнун ФМББжМТнин колдонмо информатика кафедрасынын доценти;
- 2022-2023-жылдары, К. Карасаев атындагы БМУнин СӨБнун директору;
- 2023-2024-жылдары, И. Арабаев атындагы КМУнун МТБнын башчысы;
- 01.09.2024-30.11.2024 ж.ж., Ж. Баласагын атындагы КУУнун “Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун”, “маалымат копсуздугу” билим беруу программасынын доценти;
- 2024-жылдын 2-декабрынан баштап, Ош МУнун илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору, Ош МУнун математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун (МФТИТИ) автоматташтырылган системалар жана санарипттик технологиялар кафедрасынын доценти;
- Учурда 110 дон ашуун окуу-усулдук, илимий малалардын автору. Анын ичинен сегизи (11) окуу-усулдук колдонмо, 99 макала, тезис жана 1 монография. Мындан сырткары 1 автордук күбөлүктүн ээси.
Сыйлыктары (алкыш, диплом, ыраазычылык баракча, ардак грамота):
- Эшаров Элзарбек Асановичтин чыгармачылык ишмердүүлүгү жана ак ниет эмгеги РФнын Томск шаарындагы Томск мамлекеттик архитектура-курулуш университетинин ректораты тарабынан жогору бааланып – 60 жылдык мааракесине карата көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн (2012-ж.) – Ардак грамота.
- Эшаров Э.А. коомдук иштерге активдүү катышып, Россия Федерациясынын Томск шаарындагы Кыргыз Республикасынын диаспорасынын жаштар канатын жетектеген жана Россия Федерациясынын Томск облусундагы жана Томск шаарындагы Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулунун (2018-ж.). – Ардак грамота.
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги – көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн. (2024) – Ардак грамота.