Эртең саат 12:00дө ОшМУнун чоң актылык залында (БАЗ) менеджер, ишкер, алтын казуучу, дипломат жана КРнын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин мурунку кызматкери Эдуард Кубатов менен жолугушуу болот

Anasayfa duyurular

Эртең саат 12:00дө ОшМУнун чоң актылык залында (БАЗ) менеджер, ишкер, алтын казуучу, дипломат жана КРнын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин мурунку кызматкери Эдуард Кубатов менен жолугушуу болот

Эдуард Джумакадырович Кубатов 1972-жылы 2-январда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кудургу айылыда жарык дүйнөгө келген. 
1996-жылы Кыргыз улуттук университетинде «Юриспруденция» адистигине ээ болгон жана Россия Федерациясынын сырткы чалгындоо Академиясын бүтүргөн.
1990-2004-жылдардын аралыгында Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде жогорку даражалуу орундарда кызматкер болуп эмгектенген жана подполковник чинине ээ болгон. Иран, Афганистан өлкөлөрүндө ийгиликтүү иштеп, 2004-жылы күжүрмөн тапшырмалардын биринде, өзүнүн кызматкери курман болгондо отставкага кеткен.  
Отставкага чыккандан баштап (2005-жылы) “Базовый элемент” аталышындагы Россиялык инвестициялык холдингге кеңешчи-консультант болуп жумушка орношкон (Жаңы Жылдыз Голд Лтд, Юнитед Азия Ентерпризес Лтд аталышындагы Кыргызстандагы филиалдары), андан кийин Казакстан Голд Групп британ-казак биргелешкен компаниясынын директорлор кеңешинин президенти жана төрагасына стратегиялык кеңешчиси болуп дайындалган. 2007-жылдын январь айынан август айына чейин Казакстан Голд Групп компаниясынын директорлор кеңешинин президенти жана төрагасына генералдык кеңешчиси кызматын аркалаган. 2007-жылдын август айынан 2011-жылдын апрель айына чейин “Талас Голд Майнинг Компани” жабык акционердик коомунун генералдык директору. 2011-жылдан баштап Михаил Прохоровдун (орус ишкери) Полюс Голд Интернешнал Компаниясынын Жерүй кенинен алтын өндүргөн Кыргызстандагы Полюс Голд Кыргызстан филиалын жетектеген.
2012-жылдын март айында Индонезия өлкөсүнүн тышкы иштер министрлиги жана Индонезиянын соода-өнөр-жай палатасынын чакыруусу боюнча менеджер катары сапарда болгон. Тышкы иштер министрлигинин, Индонезиянын соода-өнөр-жай палатасынын жана 4 ири тоо-кен өндүрүүчү провинциянын губернаторлору менен жолугушууда Кыргызстан-Индонезия биргелешип алтын өндүрүү бофюнча макулдашууларга жетишкен. 2013-жылы 15-майда Кыргызстандын Индонезиядагы ардактуу консулу болуп дайындалган.
2014-жылдан баштап Робуст Ресурсес Лимитед компаниясынын Кыргыз Республикасындагы филиалынын директору кызматын ээлеп келет. Өлкөдөгү алтын өндүрүү долбоорлорун жетектейт, Эл аралык бизнес кеңешинин мүчөсү жана Кыргыз-Россия экономикалык кеңешинин төрагасынын орун басары.
Альпинизм менен алектенет: 2013-жылдын 13-февралында Түштүк Американын Аконкагуа тоосуна Кыргызстандын желегин орноткон. 2021-жылдын 23-майында дүйнөдөгү эң бийик Эверест чокусун багындырган. Андан сырткары, бокс, көк-бөрү улуттук оюну жана триатлон (2017-жылы Абу-Дабидеги дүйнө кубогунун катышуучусу) менен алектенет.
Эдуард Джумакадырович – кыргыз менеджери, ишкери, алтын казуучу, дипломат жана мурдагы КРнын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин мурдагы кызматкери.