Түркиянын Сивас Жумхурийет университети алмашуу программасына кабыл алууну баштады

Anasayfa duyurular

Түркиянын Сивас Жумхурийет университети алмашуу программасына кабыл алууну баштады

Ош мамлекеттик университети менен Сивас Жумхурийет университетинин ортосундагы эки тараптуу келишимдин негизинде:

Туркиянын эң тарыхы бай, белгилүү жогорку окуу жайларынын бири болгон Сивас Жумхурийет университетин 2022-2023-окуу жылынын күзгү семестрине студенттерди алмашуу программасына кабыл алууну баштады.

Аталган окуу жайда төмөнкү багыттар бар: 

Физика, биология, химия, теология, туризм менеджменти, компьютердик инженерия,  котормо жана котормо таануу, англис филологиясы, немис филологиясы, англис тили мугалими, немис тили мугалими, журналистика, экономика, менеджмент, бухгалтердик эсеп, психология, тарых, социалдык кызматтар, ветеринария, машыктыруу, дене тарбия мугалими, адабият, эл адабияты, түрк тилинин диалектилери, финансы медицина факультети, стоматология, фармация, юриспруденция, бардык педагогикалык адистиктер, медайымдык иш, архитектура ж.б.

 Толугураак маалымат: https://www.cumhuriyet.edu.tr/  сайтында.

Алмашуу программасына тапшыруунун негизги шарттары төмөнкүлөр:

  1. Түрк тилин В2ден жогору деңгээлде билүү;
  2. Жакшы академиялык көрсөткүч;
  3. ОшМУнун контракт акысы кеминде 50 пайыз төлөнгөн болуусу керек;
  4. Ал жакта окуу акысыз; 
  5. Жол акы жана башка жеке чыгымдар студенттин өз эсебинен болот;
  6. Жатакана төлөмү айына 600 түрк лирасы (мамлекеттик жатакана- (кыздарга орун бар)), 1500 түрк лирасы (менчик жатакана – эркектер үчүн);
  7. 350-400 түрк лирасына камсыздандыруу  жана чет элдик жарандарынын ID (икамет) алынат;
  8. Кампус (университет жайгашкан шаарча) Сивас шаарынан 7 км алыстыкта жайгашкан;
  9. Документтер 30 июнга чейин кабыл алынат.

Программанын координатору:

Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин  түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүнүн улук окутуучусу, Айнура Кулназарова.

Тел: 709-440530

e-mail: akulnazarova@oshsu.kg