ОшМУда «21-февраль – Бүткүл дүйнөлүк эне тил» күнү белгиленет

Anasayfa duyurular

ОшМУда «21-февраль – Бүткүл дүйнөлүк эне тил» күнү белгиленет

21-февраль - Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын ЖОЖдорунун студенттери үчүн эне тилин даңазалаган

УЛУТТУК

ырларды көркөм окуу эл аралык он-лайн сынагы!

2021-жылдын, 22-февралында, 13:00дө Ош мамлекеттик университетинин чоң актылык залында «21-февраль – Бүткүл дүйнөлүк эне тил» күнү белгиленет.

 

Жалпы маселелер:

Сынак 2021-жылдын 1-февралынан 15-февралына чейин жарыяланат. Бул сынакка Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын ЖОЖдорунун студенттери, окутуучулары катышат.

Сынактын максаты:

-Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын ЖОЖдорунан катышкан студенттер менен Ош мамлекеттик университетинин студенттеринин ортосунда достук мамилесин жана ЖОЖдор арасындагы алаканы, кызматташтыкты бекемдөө;

-Жаштарды өз эне титилин барктоого багыттоо;

-Жаштардын жаратмандык жөндөмүн арттыруу;

Сынактын шарттары:

-Ар бир улуттун өкүлү өз эне тилин даңазалаган  видео ролик даярдайт;

-Видео ролик 4 мүнөттөн ашпоого тийиш;

-Видео роликтер 2021-жылдын 15-февралына чейин iskhak.egemnazarov@mail.ru эл.дареги аркылуу кабыл алынат;

-Жеңүүчүлөр жана жигердүү катышуучулар Ош шаардык мэриясынын жана ОшМУнун  кызыктыруучу белектери, дипломдору менен сыйланат;

-Сыйлоо аземи 2021-жылдын, 22-февралында «Тил-улуттун жүзү» иш-чарасында өтөт.

Уюштуруучулар: Ош шаардык мэриясы, ОшМУ.