21-февраль - Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын ЖОЖдорунун студенттери үчүн эне тилин даңазалаган
УЛУТТУК
ырларды көркөм окуу эл аралык он-лайн сынагы!
2021-жылдын, 22-февралында, 13:00дө Ош мамлекеттик университетинин чоң актылык залында «21-февраль – Бүткүл дүйнөлүк эне тил» күнү белгиленет.
Жалпы маселелер:
Сынак 2021-жылдын 1-февралынан 15-февралына чейин жарыяланат. Бул сынакка Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын ЖОЖдорунун студенттери, окутуучулары катышат.
Сынактын максаты:
-Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын ЖОЖдорунан катышкан студенттер менен Ош мамлекеттик университетинин студенттеринин ортосунда достук мамилесин жана ЖОЖдор арасындагы алаканы, кызматташтыкты бекемдөө;
-Жаштарды өз эне титилин барктоого багыттоо;
-Жаштардын жаратмандык жөндөмүн арттыруу;
Сынактын шарттары:
-Ар бир улуттун өкүлү өз эне тилин даңазалаган видео ролик даярдайт;
-Видео ролик 4 мүнөттөн ашпоого тийиш;
-Видео роликтер 2021-жылдын 15-февралына чейин iskhak.egemnazarov@mail.ru эл.дареги аркылуу кабыл алынат;
-Жеңүүчүлөр жана жигердүү катышуучулар Ош шаардык мэриясынын жана ОшМУнун кызыктыруучу белектери, дипломдору менен сыйланат;
-Сыйлоо аземи 2021-жылдын, 22-февралында «Тил-улуттун жүзү» иш-чарасында өтөт.
Уюштуруучулар: Ош шаардык мэриясы, ОшМУ.