ОшМУнун медицина багытындагы адистери эл аралык илимий форумга катышты

Anasayfa Haberler

ОшМУнун медицина багытындагы адистери эл аралык илимий форумга катышты

Image

19-мартта "Фундаменталдык жана прикладдык медициналык изилдөөлөрдүн клиникалык-морфологиялык аспектилери" аталышындагы эл аралык илимий форум өттү. Форум Орусия, Өзбекстан жана Кыргызстандын медициналык жогорку окуу жайлары тарабынан уюштурулду. 

Видеоконференция форматында өткөн илимий форумга Орусиянын Н.Н.Бурденко атындагы  Воронеж мамлекеттик медициналык университетинен, Москва шаарындагы Элдер достугу университетинин медициналык институтунан, Өзбекстандын Андижан мамлекеттик медициналык институтунан, Кыргызстандан Ош мамлекеттик университетинен100дөн ашуун адистер катышты.

ОшМУнун анатомия, гистология жана нормалдуу физиология кафедрасынын башчысы К.Сакибаев илимий форумга катышкан окуу жайлар мындан ары да кызматташтыкты бекемдеп, алдыда хирургия жана билим берүү ишмердүүлүгүнө байланышкан биргелешкен  эл аралык конференцияларды уюштурууну пландалганын маалымдады.

Фото галерея