Коллегияга Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев баштаган билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана адистери катышууда.
Катышуучулары алгач окуу жайдын коомчулук менен байланышуу департаментинин алдындагы “Маркетинг, коммуникация жана коомчулук менен байланыш борбору” окуу лабораториясына “Үмүт” телестудиясы, “Нур”, “Дидактика” гезиттери, басма сөз кызматы жана ОшМУнун официалдуу сайты менен таанышты.
Жыйында билим берүүнүн учуру, келечеги, окуу жайларды реформалоо, жаңы иштелип чыккан мыйзамдык база, билим берүүнү өнүктүрүү боюнча долбоорлор тууралуу баяндамалар жасалып, сунушталган долбоорлор, мыйзамдар боюнча талкуу болот.