ОшМУнун медициналык клиникасында амбулаториялык дарт аныктоо бөлүмү ачылды

Anasayfa Haberler

ОшМУнун медициналык клиникасында амбулаториялык дарт аныктоо бөлүмү ачылды

Image

Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасынын базасындагы амбулаториялык дарт аныктоо бөлүмүнүн ачылышы Билим берүү жана илим министринин катышуусунда өттү.

Амбулаториялык дарт аныктоо бөлүмүндө лаборатория, флюорография, ультра үн аппараты,  эндоскоп, эхо сыяктуу керектүү бардык каражаттар бар. Бул бөлүмдөн окутуучулар жана студенттер жылына бир ирет текшерүүдөн өтүп турушат.

Коноктор окуу жайдын Ак-Буура кампусунда жайгашкан медициналык клиникасы, эл аралык медицина, медицина факультетинин окуу-лабораториялык корпустарындагы билим берүүгө түзүлгөн шарттары  менен таанышты.

Фото галерея