ОшМУнун агрономия, ветеринария адистиктерин өнүктүрүү багытында келишимдер түзүлдү

Anasayfa Haberler

ОшМУнун агрономия, ветеринария адистиктерин өнүктүрүү багытында келишимдер түзүлдү

Image

ОшМУнун табият таануу жана география факультетинин айыл чарба кафедрасынын башчысы, доцент Рахима Муратова,  профессор Абдыгани Абдурасулов,  окутуучу  Пиримкул Маматкалыковдор Ташкент мамлекеттик агрардык университетинде,  Мал чарба жана канаттуулар илим изилдөө институтунда жана Андижан мамлекеттик айыл чарба жана агротехнологиялык институтунда иш сапарда болушту.

Делегация  жогорку окуу жайлар жана илим изилдөө мекемелери менен таанышып, профессордук-окутуучулук курам менен жолугушууларга катышты. Ветеринария жана агрономия адистиктерин өнүктүрүү багытында асыл тукум иштери боюнча борборлордо, окуу тажрыйба, фермердик чарбаларда, биолабораторияларда өндүрүштөр менен  таанышты.

“Ташкент мамлекеттик агрардык университетинде жана Андижан мамлекеттик айыл чарба жана агротехнологиялык институтунда эки тараптуу кызматташуу келишимдерине кол койдук. Келишимде студенттерди академиялык мобилдүүлүккө жиберүү, өз ара кызматташтыкты бекемдөө, конок лекцияларды уюштуруу, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу багыттары каралган. Ал эми Мал чарба жана канаттуулар илим изилдөө институту менен асыл тукум чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча келишимдерди түздүк”, -дейт  айыл чарба кафедрасынын башчысы, доцент Рахима Муратова.

Учурда ОшМУнун агрономия, ветеринария адистиктеринде 200дөн ашуун студенттер билим алышат.  

Фото галерея