Индустриалдык-педагогикалык колледжинде социалдык өнөктөштөр менен кызматташуу меморандумуна кол коюлду

Anasayfa Haberler

Индустриалдык-педагогикалык колледжинде социалдык өнөктөштөр менен кызматташуу меморандумуна кол коюлду

Image

Иш-чарага ОшМУнун орто кесиптик билим берүү жана кесипке багыттоо иштери боюнча проректору  Тажимамат Эркебаев  баштаган жамаат, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан өкүлдөр,  Ош шаарындагы  жана Кара-суу районундагы орто мектептердин, лицейлердин директорлору, бала бакчалардын жетекчилери катышты.

ОшМУнун инстриалдык-педагогикалык колледжинин директору Олжобай Шаимкулов Алдыңкы тажрыйба борборундагы билим берүүгө түзүлгөн шарттар жана меморандума камтылган маалыматтар менен тааныштырды.  Жыйында борбордун келечеги, иш берүүчүлөр менен колледждин кызматташуусу, тажрыйба алмашуусу талкууланды. Башталгыч класстарды окутуу, мектепке чейинки билим берүү адистиктери боюнча өнөктөштөр менен кызматташуу меморандумуна кол коюлду.

Максаты өнөктөштөр менен биргеликте эмгек рыногунун талаптарына жооп бере турган адистерди даярдоо.  Социалдык өнөктөштөрдүн суроо-талаптарын, сунуштарын угуу, аларды эске алуу менен окуу программаларына өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү болуп саналат.

Индустриалдык-педагогикалык колледжи Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылган долбоорго кирген. Долбоорго ылайык коледждин базасында алдыңкы тажрыйба борбору түзүлүп, Азия өнүктүрүү банкынын колдоосунда керектүү окутуу жана техникалык өндүрүштүк жабдуулар менен камсыздалган. 

 

 

Фото галерея