Бүгүн ОшМУнун башкы имаратында “Ачык эшиктер күнү” өтүп жатат

Anasayfa Haberler

Бүгүн ОшМУнун башкы имаратында “Ачык эшиктер күнү” өтүп жатат

Image

Мында түштүк регионундагы 175 мектептен келген 2 миңден ашуун бүтүрүүчүгө университеттеги билим берүү үчүн түзүлгөн шарттар, окуу жайдын инфраструктурасы жана адистиктер  тууралуу маалыматтар берилет.

Иш-чарада университеттин ар бир факультет, колледждери өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн чагылдырган көргөзмөлөрдү даярдаган. Ошондой эле, абитуриенттерди кызыктырган суроолоруна тиешелүү жоопторду беришет.

Мындан сырткары билим майрамына келген коноктор  окуу жайдын таланттары тарабынан даярдалган концерттик программага жана парадга  күбө болушат.

Ачык эшиктер күнүнүн алкагында “ Аймактардагы кадрдык жетишпестиктерди жоюуда жергиликтүү бийлик менен ЖОЖдун байланышы” аттуу конференция  болуп, ага  22 мектеп жетекчилери жана 12 билим берүү башкармалыктардан өкүлдөр катышат.

Бул иш-чарага  Zoom платформасы аркылуу онлайн катышууга болот

https://us02web.zoom.us/j/86543758240?pwd=NWhTcFFHODdvVzVlWTJkZ1hjL3E4Zz09

Иш-чаранын программасы:

Убактысы

Иш чаранын аталышы

“Аймактардагы кадрдык жетишпестиктерди жоюуда жергиликтүү бийлик менен ЖОЖдун байланышы”

аттуу конференция.

Чоң жыйындар залы (БАЗ)

 09:00-09:30

Конокторду тосуп алуу, каттоо

09:00-09:30

ОшМУнун башкы имаратында факультет, колледждеринин көргөзмөлөрү менен таанышуу

09:30

Салтанаттуу жыйындар залында “Аймактардагы кадрдык жетишпестиктерди жоюуда жергиликтүү бийлик менен ЖОЖдун байланышы” аттуу конференциянын ачылышы

09:30-09:50

Баяндаманын аталышы

 

Баяндамачылар

Санариптик билим берүү, жогорку окуу жайдын заманбап модели

ОшМУнун ректору, ф-м.и.д.,  профессор Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич

09:50-10:10

ОшМУга кабыл алынган абитуриенттердин сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрү боюнча анализ

Орто кесиптик билим берүү уюмдары менен иштоо боюнча проректору, б.и.к., доцент Эркебаев Тажимамат Кудайбердиевич

10:00-10:20

Бүтүрүүчүлөрдүн кесип тандоосунда билим берүү, таалим-тарбиянын, ата-эне, мугалимдердин ролу

КРдин эмгек сиңирген мугалими, п.и.к., Мадаминов Гапыр Маматкулович

10.30-10.50

ЖОЖдордун мектеп менен байланышы жана анын кадр саясатына тийгизген таасири
 

Ош шаарындагы №18 А.Навои атындагы мектеп-гимназиясынын директору Акматов Жоомарт Алдыраманович

 

10.50-11.00

Суроо-жооп, талкуулар, жыйынтыктоо

Ачык эшиктер күнүнүн салтанаттуу бөлүгү.

ОшМУнун башкы имаратынын алды

 

1100:11:20

ОшМУнун алдыңкы, таланттуу студенттеринин парады

 

11:20-11:30

ОшМУнун ректорунун куттуктоо сөзү

 

11:30-11:50

Абитуриенттин, чет өлкөдө окуган студенттин, ата-эненин, алдыңкы студенттин сөздөрү

 

11:50-12:00

“ОшМУга абитуриенттерди кабыл алуу өзгөчөлүктөрү”.

Баяндамачы кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы, доцент Муратбаев Б.Б.

 

12:00-12:20

Концерттик номер

 

12:20-12:40

Алдыңкы студенттердин ата-энелерине, окуган мектебинин директорлоруна дилбаян жана тест сынактарынын жеңүүчүлөрүнө  сыйлыктарды тапшыруу

 

12:40-12:50

Салтанаттуу бөлүктү жыйынтыктоо

 

12:50-14:00

ОшМУнун окуу имараттарына  экскурсия

 

         

 

 

 

 

 

 

 

Фото галерея