“Аймактардагы кадрдык жетишпестиктерди жоюуда жергиликтүү бийлик менен ЖОЖдун байланышы”

Anasayfa Haberler

“Аймактардагы кадрдык жетишпестиктерди жоюуда жергиликтүү бийлик менен ЖОЖдун байланышы”

Image

Мындай аталыштагы конференция  билим майрамынын алкагында өттү. Ага 22 мектеп жетекчилери, 12 билим берүү башкармалыктардан өкүлдөр билим берүү тармагындагы адистер жана университеттин окутуучулук-профессордук курамы катышты.

Конференцияда ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков “Санариптик билим берүү, жогорку окуу жайдын заманбап модели”, Орто кесиптик билим берүү уюмдары менен иштөө  боюнча проректору Тажимамат Эркебаев “ОшМУга кабыл алынган абитуриенттердин сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрү боюнча анализ” КРдин эмгек сиңирген мугалими, п.и.к., Гапыр  Мадаминов  “Бүтүрүүчүлөрдүн кесип тандоосунда билим берүү, таалим-тарбиянын, ата-эне, мугалимдердин ролу” атуу баяндамаларын жасашты

Жыйынтыгында коноктор өздөрүнүн ОшМУга болгон сунуш пикирлерин билдирип,  ЖОЖ менен мектептердин байланышын ар тараптуу чыңдоого багытталган резолюция кабыл алышты.

Фото галерея