КРнын бокс боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Турдалы Оморов доцент окумуштуулук наамына ээ болду

Anasayfa Haberler

КРнын бокс боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Турдалы Оморов доцент окумуштуулук наамына ээ болду

Image

ОшМУнун педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин дене тарбиянын, спорттун теориясы жана методикасы кафедрасынын доценти Турдалы Оморовго Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын чечими менен «Дене тарбия жана спорт» адистиги боюнча доцент окумуштуулук наамы ыйгарылды. Ага улай эле Жогорку Кеңештин ыраазычылык каты менен сыйланды. Сыйлыктарды ОшМУнун ректору К.Кожобеков тапшырды.

Сыйлык ээси Турдалы Оморов КРнын бокс боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу жана бокс боюнча AIBAнын эл аралык даражадагы калысы.

Фото галерея