Студенттер аскердик даярдык боюнча күч сынашты

Anasayfa Haberler

Студенттер аскердик даярдык боюнча күч сынашты

Image

ОшМУда Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөн күнүнө арналган колледждер арасында мелдеш уюштурулду.

Мелдешке окуу жайдагы STEM инновациялык, Финансы-юридикалык, Эл аралык билим берүү программалары жана Теология колледждеринин командалары катышты. Катышуучулар аскердик саламдашуу, саптык элементтерди аткаруу, салтанаттык жүрүш менен өтүү, ыр менен өтүү, АК-74 куралын чачуу жана чогултуу, команданын атын коргоо сынактарында мелдешти.

Жыйынтыгында Финансы-юридикалык жана STEM инновациялык колледждеринин  командалары 1-орунду ээледи. Ал эми 2-орунга  Эл аралык билим берүү программалары жана Теология колледждеринин командалары татыктуу болду.

Мелдешти аскерге чейинки даярдык предметинин окутуучусу, подполковник  Жуманазар Самидинов демилгелип өткөрдү. Максат КРдин Куралдуу күчтөрүнүн иш-аракеттерин даңазалоо, студенттердин ортосунда достук мамилени чыңдоо, мекенге болгон сүйүүсүн арттыруу.  

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү 1992-жылдын 29-майында Советтик Армиянын республика аймагына жайгаштырылган бөлүктөрү анын карамагына өткөндө түзүлгөн. Бүгүнкү күндө 29-май Куралдуу күчтөрдүн күнү катары белгиленип келет.

Фото галерея