ОшМУда балдарга арналган майрамдык кече уюштурулду

Anasayfa Haberler

ОшМУда балдарга арналган майрамдык кече уюштурулду

Image

ОшМУда 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата окуу жайдын кызматкерлеринин балдарына арналган майрамдык кече тартууланды.

Аталган иш-чарага университетте эмгектенген кызматкерлердин  10 жашка чейинки уул-кыздары катышып, атайын даярдалган концерттик программага күбө болушту. Иш-чаранын жүрүшүндө университеттин алдындагы мектепке чейинки билим берүү борборунун, лицей, гимназияларынын алдыңкы окуучуларына, анда эмгектенген мугалимдерге ыраазычылык каттар тапшырылды.

Майрамдык салтанатта балдарга арналган оюн-зооктор, театрлаштырылган шоу программалар тартууланып, оюндарга мыкты катышкандарга белектер ыйгарылды.

Иш-чара  окуу жайдын ректораты жана кесиптик кошууну тарабынан демилгеленип уюштурулду.  

 

Фото галерея