НААР агенттигинин сырткы эксперттик комиссиясы окутуучулук-профессордук курамга интервью жүргүздү

Anasayfa Haberler

НААР агенттигинин сырткы эксперттик комиссиясы окутуучулук-профессордук курамга интервью жүргүздү

Image

НААР агенттигинин сырткы эксперттик комиссиясы күндүн биринчи бөлүгүндө ректор Кудайберди Кожобеков баштаган проректорлор, структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилери менен интервью өткөрүштү.
Интервьюда  эксперттер аккредитациядан өтүп жаткан билим берүү программаларына жана аларды өнүктүрүүгө тиешелүү башкаруу, уюштуруу, пландоо, камсыздоо, оңдоп түзөтүү, жакшыртуу процесстери жөнүндө, ошондой эле ресурстук, программдык камсыздоо, китепканалык тейлөө, персоналды шыктандыруу боюнча маалыматтарды тактоо иретинде суроолорду  беришти. Өз кезегинде аларга далилдүү, сандар менен так жооптор берилди.
Интервьюнун маалыматтарын эксперттер жыйынтыктоочу бүтүм чыгарууда пайдаланышат.  
Күндүн экинчи жарымында эксперттер аккредитациядан өтүп жаткан билим берүү программаларынын жетекчилери, профессордук-окутуучулук курам, декандар, кафедра башчыларынан интервью алышты.  
Эксперттер мындан сырткары  окуу корпустарындагы материалдык-техникалык  база  менен да таанышат.
Учурда университетте билимдин сапатын баалоо процессинен 4 билим берүү программасы өтүп жатат.

Фото галерея