ОшМУда КРдин билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер Каныбек Исаковду эскерүү кечеси өтүп жатат

Anasayfa Haberler

ОшМУда КРдин билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер Каныбек Исаковду эскерүү кечеси өтүп жатат

Image

Ош мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, Эл аралык Ч.Айтматов академиясынын академиги, чыгаан мамлекеттик жана коомдук ишмер, ф.и.д., профессор Каныбек Исаковду  эскерүү кечеси өтүп жатат.

         Эскерүү иш-чарасына бир мезгилде чогуу иштеген кесиптештери, кеп-кеңешин угуп, таалим алган  шакирттери, үй-бүлөсү, жакын санаалаштары катышууда.

         Эскерүү кечесинде агартуу тармагында өзүнүн өчпөс изин калтырган Каныбек Исаковдун бейнесине арналган документалдуу фильм көрсөтүлүп,  эскерүү видео-баяндамалар тартууланды.  

         Кечеге катышкан кесиптештери, шакирттери, жакын санаалаштары Каныбек Исаковдун агартуу тармагындагы жасаган опол тоодой эмгеги, уюштуруучулугу, жетекчилиги, устаттык бийик даражасы, адамдык асыл  сапаттарын айтып эскеришти.

Шакирти, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Сабыр Арстанов “Каныбек Исаковдун кыргыз билим берүүсүндөгү тарыхый кадамдары” деген темада  баяндама жасады. “Жигер”, “Жаратман” чыгармачылык жаштар борборлорунун жаш акындары эскерүү ырлары окуп, обондуу ырлар аткарышты.

         Иш-чарасынын жүрүшүндө үй-бүлөсү тарабынан демилгеленип уюштурулган  #Исаков_ырларда аттуу сынактын жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өтөт.

         Эскерүү кечеси Кыргыз филологиясы жана журналистика жана  Эл аралык медицина факультеттериндеги  К.Исаков атындагы кааналардын ачылыш аземи менен жыйынтыкталат.

Исаков Каныбек Абдуваситович 1969-жылы 4-июнда Ош областына караштуу Ноокат районундагы Кызыл-Тейит айылында туулган. 1987-жылы ОшМУга тапшырып, 1993-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган.

 2006-2011-жылдары Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун ректору болуп эмгектенген.

2011-2019-жылдары ОшМУда ректор кызматын аркалап, окуу процессин жакшыртуу, автоматташтыруу, окутуунун заманбап технологияларын кийирүү, инфраструктураны жакшыртуу, илим жана билим берүү жаатындагы ички, тышкы байланыштарды күчөтүү багытында алгылыктуу иштерди жүргүзүп, бир нече окуу-өндүрүштүк, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырган. 10дон ашык  жаңы окуу имараттарды жана студенттер үчүн жатакана, медициналык клиникаларды  куруп, өндүрүшкө берген.

2019-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри кызматында эмгектенип, пандемия учурунда билим берүүнүн  үзгүлтүккө учурабай улануусуна чоң салым кошкон.

Көзү тирүү болгондо быйыл 52 жашка чыкмак.

Фото галерея