Ош мамлекеттик университетинде атайын жобонун негизинде факультеттерден, колледждерден мыкты деп тандалып алынган 23 студентке 11-июнда Окумуштуулар Кеңешинин стипендианты деген сертификаттар, акчалай сыйлыктар ыйгарылды.
Стипендианттар Ош МУнун «Эң мыкты студент» сынагынын жобосунун негизинде тандалып алынган. Сынак окууда, илимде, маданий-массалык, коомдук уюштуруу иштеринде жана спорттук иш чараларда өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөн студенттерге ошондой эле жаш таланттарга стимулдук шык, моралдык жана материалдык дем берүү максатында жыл сайын уюштурулуп келет.