ОшМУда корей тили окутулат

Anasayfa Haberler

ОшМУда корей тили окутулат

Image

 Ош мамлекеттик университетинин ректору  Кудайберди Кожобеков 14-июнда Бишкектеги Түштүк Корея Республикасынын билим берүү борборунун директору Ким Дэ Гванды кабыл алды.

Жолугушууда  жетекчилер алдыдагы кызматташтыктар боюнча пикир алышып, меморандумга кол коюшту.  Ага ылайык Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде "Филологиялык билим берүү" программасынын алкагында корей тили профили боюнча абитуриенттерди келишимдик негизде кабыл алуу 2021-2022-окуу жылында башталат. Корей тили боюнча окутуучулар Түштүк Кореянын университеттеринен келип окутушат.

Фото галерея