ОшМУнун педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин деканы өз каалоосу менен кызматтан кетти

Anasayfa Haberler

ОшМУнун педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин деканы өз каалоосу менен кызматтан кетти

Image

Ош мамлекеттик университетинин педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин деканы Бакытбек Муратбаев 17-июнда өз каалоосу менен кызматтан кетти. Бул тууралуу ректордун (№1993-ФХД/21)  буйругу  чыкты. Дагы бир буйрукка ылайык (№1994-ФХД/21)  Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин сырттан окуу боюнча декандын орун басары Таалайбек Тойчиев конкурстук шайлоого чейин декандын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.