ОшМУнун кызматкерлери "Ден соолук-2021" спартакиадасына катышууда

Anasayfa Haberler

ОшМУнун кызматкерлери "Ден соолук-2021" спартакиадасына катышууда

Image

Ош мамлекеттик университетинин агай-эжекелери  Ысык-Көлдө өтүп жаткан билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин "Ден соолук-2021" спартакиадасына катышып жатышат. Жыл сайын өтүүүчү спорттук иш-чаранын программасында волейбол, футбол, стритбол, шахмат,  ордо, стол тенниси, тогуз коргоол боюнча мелдештер бар.

"Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Илим-билим кызматкерлеринин кесиптик кошуун федерациясы менен биргеликте мугалимдердин сергек жашоо образын калыптандыруу, эс алуусун камсыздоо максатында уюштурган турнирге ОшМУнун спортчу окутуучулары программадагы спорттун бардык түрүнөн  катышып жатат. Буга чейин өткөн облустук спартакиадада окуу жай жалпы командалык эсепте 1-орунду багындырган.  Республикалык турда да ишенимдүү оюн көргөзөбүз деп турабыз"— дейт ОшМУнун профсоюз уюмунун төрагасы Абсамат Саттаров.

Көл жээгинде спартакиада 22-27-июнь күндөрү өтөт.  Ага өлкөнүн жети облусунун, Ош, Бишкек шаарларынын билим берүү мекемелеринин  — бала бакча, мектеп, окуу жайлардын кызматкерлери  катышып жатышат.

Фото галерея