ОшМУда Москва политехникалык университети кесипке багыт берүү иш-чарасын өткөрдү

Anasayfa Haberler

ОшМУда Москва политехникалык университети кесипке багыт берүү иш-чарасын өткөрдү

Image

ОшМУда  Москва политехникалык университетинин кесипке багыт берүү иш чарасы өттү. Иш-чарага Ош шаарындагы жана Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Араван районунан мектеп бүтүрүүчүлөрү катышты. Ал эми Алай, Чон-Алай, Кара-Кулжа райондорунун мектеп бүтүрүүчүлөрү онлайн катышышты.

Жолугушууда Москва политехникалык университетинин эл аралык интеграция жана чет элдик студенттер менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Ирина Иванова университет  тууралуу маалыматтар менен бөлүштү.

Москва политехникалык университетинин 1865-жылы негизделген. Учурда 16 000ден ашуун студент билим алса, анын 2000ден ашууну чет элдик студенттер.

Быйылкы жылы окуу жайда  бакалаврга 2166, магистрдик даражага 44, аспирантурага 37 бюджеттик орундар каралгандыгы айтылды. Шилтеме: https://www.mospolytech.ru

Фото галерея