ОшМУнун чыгармачыл жамааты "Ысык-Көл кечи" аттуу маданий иш -чарага катышты

Anasayfa Haberler

ОшМУнун чыгармачыл жамааты "Ысык-Көл кечи" аттуу маданий иш -чарага катышты

Image

Ош мамлекеттик университетинин чыгармачыл жамааты Ж.Баласанын атындагы Кыргыз Улуттук университети уюштурган "Ысык-Көл кечи" аттуу маданий иш-чарага катышты.

Маданий кече Ысык-Көл жээгиндеги  "Университет" пансионатында болуп өттү.

Саамалыкка Ош мамлекеттик университети, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин  кызматкерлеринен турган чыгармачыл топ катышып, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Бул маданий иш-чара Президент С. Жапаровдун "Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" Жарлыгынын негизинде окуу жайлар аралык байланышты чыңдоо, билим, тарбия багытында кызматташтыкты өркүндөтүү максатында уюштурулган.

Фото галерея