ОшМУнун "Билим" лицейинин окуу имаратына капсула салынды

Anasayfa Haberler

ОшМУнун "Билим" лицейинин окуу имаратына капсула салынды

Image

Жаңыдан курулуп жаткан мектеп-лицей 250 окуучу бир учурда билим алууга ылайыкташкан. Имарат жер төлөсү менен 4 кабаттан турат. Имараттын ичинде ашкана, спорттук аянтчалар, китепкана жайгашат.  3-кабаты окуучулар үчүн  жатакана катары пайдаланылат.

"Билим" лицейи 2012-жылы ачылган. Бул жылдар аралыгында жалпы республикалык тестилөөнүн  жыйынтыгы боюнча эң жогорку көрсөткүчтөргө жетишти. Бүтүрүүчүлөр  2 алтын сертификат, 11 артыкчылык  аттестатына ээ болушкан.

Имараттын курулуш ишин ушул жылдын декабрь айына чейин бүтөрүү пландалган.

Учурда ОшМУнун алдында 6 мектеп-гимназия  бар.

Фото галерея