ОшМУнун 40 окутуучусу Ысык-Көлдө акысыз эс алууда

Anasayfa Haberler

ОшМУнун 40 окутуучусу Ысык-Көлдө акысыз эс алууда

Image

Окуу жайдын жетекчилиги   тарабынан демилгеленген иш-чараны  Кесиптик кошуун колдоого алган. Учурда университеттин бардык факультет, колледж, бөлүмдөрү тарабынан сунушталган алдыңкы 40 окутуучуга акысыз жолдонмо берилди. Окутуучулар Ысык –Көлдүн Кара-Ой айылында жайгашкан “Эне-Сай” пансионатында эс алып келишүүдө.

Мындан сырткары Ысык-Көлдүн жээгиндеги  ОшМУнун “Үмүт” пансионатына да жеңилдетилген жолдонмолор берилип жатат. Буга чейин 12 күн эс алуунун баасы  9000 сомду болсо, азыр 7200 сомго түштү.  “Үмүт” пансионатында быйылкы жылы  60дан ашуун ОшМУнун окутуучулары эс алып келишти. Каалоочулар Кесиптик кошуунга  кайрылса болот.

Фото галерея