KABUL: OşDÜ Doğu Araştırmaları Enstitüsünün Bölümleri

Anasayfa Haberler

KABUL: OşDÜ Doğu Araştırmaları Enstitüsünün Bölümleri

Чыгыш өлкөлөрүнүн тилин, маданиятын, тарыхын жана дипломатиясын терең өздөштүрүп, эл аралык деңгээлдеги адис болууну каалайсызбы? Анда Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институту сиз үчүн эң туура тандоо!

Чыгыш таануу институту — чыгыш өлкөлөрүн изилдөө, тил үйрөтүү, котормо таануу, филология жана конфликтология багыттары боюнча жогорку квалификациялуу адистерди даярдаган заманбап билим берүү жана илим-изилдөө борбору. Институтта студенттер чыгыш тилдерин англис же немис тили менен катар өздөштүрүп, чыгыш таануу, эл аралык мамилелер, дипломатия, лингвистика, филология жана конфликтология тармагында терең билим алышат.

Чыгыш таануу институтунун артыкчылыктары:

✔ Кытай, корей, япон, араб, түрк жана фарси тилдерин англис же немис тили менен бирге 4 жыл боюу тереңдетип окутуу;

✔ Чыгыш өлкөлөрүнүн тарыхын, маданиятын, философиясын жана экономикасын өздөштүрүү;

✔ Чыгыш өлкөлөрүнүн дипломатиясы, эл аралык мамилелери жана конфликтология тармагында кесиптик билим алуу мүмкүнчүлүгү;

✔ Тажрыйбалуу профессордук-окутуучулук курамдан жана чет өлкөлүк окутуучулар менен волотёрлордон билим алуу;

✔ Белгилүү дипломаттардын, элчилердин, саясатчылардын, коомдук ишмерлердин жана эксперттердин регулярдуу түрдө конок лекцияларды өтүүсү;

✔ Академиялык мобилдүүлүк программалары аркылуу жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө билим алуу мүмкүнчүлүгү;

✔ Практикага багытталган окуу процесси жана кеңири карьералык мүмкүнчүлүктөр;

✔ Заманбап окуу жана котормо борборлору, лингафондук кабинеттер жана бай китепкана фонду.

Бакалавриат программалары:

Чыгыш таануу институтунда «Корей тили жана маданияты», «Япон тили жана маданияты», «Кытай тили жана маданияты», «Түрк тили жана маданияты», «Хинди тили жана маданияты», «Англис тили жана маданияты», «Араб тили жана маданияты», «Катар-Араб окуу жана котормо» борбору иштейт. Ошондой эле араб, иран, корей, англис жана немис тилдери боюнча лингафондук кабинеттер иштейт. Мындан сырткары, “Достук, толеранттуулук жана медиаторлук” борбору менен «Чыгыш кол жазмалары жана мурастары фонду» студенттердин кызматында.

Студенттер жана магистранттар академиялык мобилдүүлүк программалары аркылуу Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Түркия, Иран, Индия, Египет, Сауд Аравиясы, Катар, Бириккен Араб Эмираттары, Оман, Малайзия, Сингапур, Корея, Кытай, Япония, Чехия, Германия, Россия жана башка өлкөлөрдө билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Бүтүрүүчүлөр кайсы тармактарда иштей алышат?

Институттун бүтүрүүчүлөрү КРнын Тышкы иштер министрлигинде, Чыгыш (Азия жана Африка) өлкөлөрүндөгү элчиликтеринде, эл аралык уюмдарда, эл аралык бөлүмдөрдө, тышкы байланыштар департаменттеринде, КРнын Улуттук коопсуздук кызматтында, ички иштер органдарында, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда, билим берүү мекемелеринде, илим-изилдөө, котормо иши, туризм, бизнес жана медиа тармактарында ийгиликтүү эмгектенип келишет.

Институтту тар.и.к., доцент Жолдошбек  Бөтөнөев жетектейт.

Чыгыштын тилин, маданиятын жана дипломатиясын үйрөнүп, дүйнөлүк деңгээлдеги адис болуңуз!

 

ЧЫГЫШ ТААНУУ ИНСТИТУТУ

Багыты/адистиги

ЖРТ кошумча предмет

Окуу формасы

Окуу мөөнөтү

Эскертүү

Жогорку кесиптик билим берүүчү багыттар/Бакалавр

“Чыгыш таануу, африка таануу” Профиль – “Чыгыш өлкөлөрүнүн тилдери жана дипломатиясы (кытай, корей, япон, араб, түрк, фарси)”.

Анг. Тили же тарых

Күндүзгү

4 жыл

 

“Чыгыш таануу, африка таануу” Профиль – “Чыгыштын тарыхы – чыгыш тилдерин окутуу менен (кытай, корей, япон, араб, түрк, фарси)”.

Анг. Тили же тарых

Сырттан/

Онлайн

5 жыл

 

“Филология”

Профиль – “Чыгыш тилдерин окутуунун усулдары (кытай, корей, япон, араб, түрк, фарси)”.

Негизги тест

Күндүзгү /Кечки

4 жыл /

5 жыл

 

“Лингвистика”

Профиль – “Котормо жана котормо таануу: чыгыш тилдери (кытай, корей, япон, араб, түрк, фарси)”.

Негизги тест

Күндүзгү

4 жыл

 

“Конфликтология”

Профиль – “Жалпы конфликтология”.

Негизги тест

Күндүзгү

4 жыл

 

Магистратура

“Чыгыш таануу, африка таануу” Профиль – “Чыгыш өлкөлөрүнүн тилдери жана дипломатиясы (кытай, корей, япон, араб, түрк, фарси)”.

 

Күндүзгү

2 жыл/

2,5 жыл

 

“Лингвистика”

Профиль “Котормо жана котормо таануу: чыгыш тилдери (кытай, корей, япон, араб, түрк, фарси)”.

 

Күндүзгү

2 жыл

 

 

 ОшМУ жөнүндө жана абитуриенттерди кабыл алуу боюнча маалыматтарды төмөндөгү байланыш булактары аркылуу сурап, биле аласыздар:

Негизги телеграм канал: https://t.me/oshstateuni

Инстаграм баракчабыз: @oshsu.kg

Ютуб: https://www.youtube.com/@oshsu85

Сайт: www.oshsu.kg

Телефон: +996 770 11 11 10, +996 554 87 66 87

WhatsApp: +996 770 11 11 10, +996 554 87 66 87

Telegram: +996 770 11 11 10, +996 554 87 66 87

 Биздин дарек: Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Алымбек датка көчөсү 331,

Кабыл алуу комиссиясы: ОшМУнун башкы корпусу, 137-каана

 

fotoğraf Galerisi