КАБЫЛ АЛУУ: Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институту кандай адистиктерди даярдайт?

Anasayfa Haberler

КАБЫЛ АЛУУ: Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институту кандай адистиктерди даярдайт?

Image

Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институту – билим, илим жана инновация айкалышкан заманбап билим берүү борбору. 

Бүгүнкү күндө институт Ош мамлекеттик университетинин эң көп тармактуу жана динамикалуу өнүгүп жаткан түзүмдөрүнүн бири катары жогорку квалификациялуу адистерди даярдап келет.

Институтта студенттер заман талабына жооп берген окуу программалары, тажрыйбалуу профессордук-окутуучулар курамы жана заманбап материалдык-техникалык база менен камсыз болушат. Окуу процессинде теориялык билим практикалык көндүмдөр менен айкалышып, бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.

Абитуриенттер үчүн төмөнкү багыттар боюнча билим алуу мүмкүнчүлүгү сунушталат:

  • Биология – биология жана лабораториялык иштер багыты;
  • Химия – химиялык-экологиялык жана криминалистикалык экспертиза;
  • География – экология багыты менен;
  • Эл аралык туризм – туризм индустриясындагы заманбап
    талаптарга ылайык даярдоо;
  • Ветеринария;
  • Зооветеринария;
  • Агрономия – өсүмдүктөрдү карантиндик коргоо багыты;
    Колдонмо геодезия;
  • Дене тарбия жана спорт (бул багытка тапшырууда ЖРТ талап кылынбайт).
     

Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институту – келечектеги ийгиликтүү карьерага карай ишенимдүү кадам. Эгер сиз табият сырларын изилдөөгө, туризм тармагын өнүктүрүүгө, айыл чарба технологияларын өздөштүрүүгө же спорт жаатында кесипкөй адис болууга кызыксаңыз, анда туура тандоо – Ош мамлекеттик университети!

ОшМУ жөнүндө жана абитуриенттерди кабыл алуу боюнча маалыматтарды төмөндөгү байланыш булактары аркылуу сурап, биле аласыздар:

Негизги телеграм канал: https://t.me/oshstateuni

Инстаграм баракчабыз: @oshsu.kg

Ютуб: https://www.youtube.com/@oshsu85

Сайт: www.oshsu.kg

Телефон: +996 770 11 11 10, +996 554 87 66 87

WhatsApp: +996 770 11 11 10, +996 554 87 66 87

Telegram: +996 770 11 11 10, +996 554 87 66 87

Биздин дарек: Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Алымбек датка көчөсү 331,

Кабыл алуу комиссиясы: ОшМУнун башкы корпусу, 137-каана

fotoğraf Galerisi