Tıbbi ekipman kontrolü

Anasayfa Haberler

Tıbbi ekipman kontrolü

Image

STEM инновациялык колледжинин медициналык техникаларды оңдоо, тейлөө жана монтаждоо адистигинин студенттери колледждин  окутуучусу Хуснитдин Атаханов башчылыгында ОшМУнун медициналык клиникасында практикалык сабактарын өтүүдө.

Мында медициналык техникаларды тейлөө графиги түзүлүп, студенттер окутуучусунун жетекчилиги астында текшерүүдөн өткөрүп жатышат. Натыйжада, 2 электрофорез Поток1, 1 электрокардиограф QZ-1203G, 1 УВЧ аппарат жана 1 тренажёр оңдолду,  2 стерилизатор, 1 дисцилятор тейленип клиникага тапшырылды.

Колледждин директору Бегайым Абдылакимова өтүлгөн сабактардан кабар алып, клиниканын директору Жазгүл Иметовага жолугуп, алдыдагы пландарды талкуулашты.

Электрондук техник адистиги түштүк аймагы боюнча ОшМУда гана окутулуп, даярдалат. Учурда бул багытта  боюнча  30дан ашуун студент билим алууда.

Фото галерея