Франциянын Пуатье университети ОшМУ менен кызматташууга кызыкдар

Anasayfa Haberler

Франциянын Пуатье университети ОшМУ менен кызматташууга кызыкдар

Image

Буга байланыштуу  Пуатье университетинин Эл аралык мамилелер боюнча жооптуу өкүлү Филипп Рогжон баштаган окутуучулар жамааты ОшМУга келди. Алар ректор Кудайберди Кожобеков , Эл аралык мамилелер департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев менен жолугуп, сүйлөшүштү.

Жолугушууда Пуатье университети  менен ОшМУнун кызматташуу алакаларын бекемдөө, билим берүү программаларын ишке ашыруу, окутуучулардын, студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн ишке ашыруу багыттары боюнча сөз болду.

Коноктор ОшМУнун окуу корпустары, материалдык техникалык базасы менен таанышып чыкканын, университет өзгөчө таасир калтырганын белгилешти.

Буга чейин Франциянын Кыргызстандагы элчиси  Франсуа Делаус окуу жайга иш сапары менен келип ректор Кудайберди Кожобеков менен жолугуп, кызматташуу маселелерин талкуулашкан.

Фото галерея