Rizvan İsmailova'nın kitabının tanıtımı

Anasayfa Haberler

Rizvan İsmailova'nın kitabının tanıtımı

Image

ОшМУда Улуттук адабият күнүнө карата 9-декабрь күнү жазуучу-публицист, адабиятчы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Ризван Исмаилованын  “Үнү каткан улар” аттуу көркөм-даректүү баянынын бет ачар аземи болду.

Кечеге президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн, Ош шаардык мэриясынан, Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынан өкүлдөр, акын-жазуучулар, жакын санаалаштары, кесиптештери, адабият күйөрмандары катышты.

“Үнү каткан улар” аттуу көркөм-даректүү баянында акын Жолон Мамытовдун өмүрүндөгү кызыктуу ирмемдер, урунттуу учурлар камтылган. Риза Савай (Ризван Исмаилова) Жолон Мамытовду изилдеп, диссертация жактаган илимпоз. Акындын чыгармачылыгын, өмүр жолун изилдеп кийинки муун үчүн эмгектенип келе жаткандыгы кечеде айтылды.

Иш-чара Улуттук жазуучулар союзунун Ош бөлүмү, Ош мамлекеттик университети жана “Жигер” чыгармачыл жаштар борбору тарабынан уюштурулду.

Жазуучу-публицист, адабиятчы Ризван Исмаилова 1984-жылы ОшМПУну (азыркы ОшМУнун) артыкчылык диплому менен бүтүргөн. 1997-жылдан тартып республикалык-саясий  “Эркин Тоо” гезитинин түштүк аймагындагы өз кабарчысы болуп эмгектенип келет. Журналисттик ишмердүүлүк менен биргеликте ОшМУ,  ОшТУда окутуучу, ага окутуучу, доцент болуп студенттерге билим берген.  Учурда ОшМЮИда эмгектенет. 30га жакын илимий-теориялык жана илимий-усулдук макалалары жарык көргөн. “Жолон  Мамытовдун лирикасы”, “Эпикалык  чабыттар”, ”Европанын  берметтери”, ”Сырдуу Италия”, ”Ак өрүк”,  “Кайрымдуу  жүрөк  карыбайт”, “Дүйнөсү  түгөл Швейцария” аттуу прозалык  китептердин,  илимий- усулдук китептердин автору.  2021-жылы ноябрда “Үнү каткан улар” көркөм-даректүү баяны басмадан чыккан.

fotoğraf Galerisi