ОшМУда "Айтматовдун кытайдагы таасири" адабий кечеси өттү

Anasayfa Haberler

ОшМУда "Айтматовдун кытайдагы таасири" адабий кечеси өттү

Image

ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультети  залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 93 жылдыгына карата "Айтматовдун кытайдагы таасири" аттуу адабий кече  өткөрдү. Кечеге Кыргызстандагы жана Борбордук Азиядагы Фуцзянь провинциясынын соода палатасынын төрагасы Лин Цзиндиан,  Ч.Айтматов боюнча Кытайдагы эксперт-изилдөөчү Рен Чжэн, Кыргыз-Кытай факультетинин профессордук-окутуучулук курамы,  студенттер катышты.

Иш-чарада жазуучунун “Тоолор кулаганда” чыгармасынын негизинде “Жаабарс” сахналык көрунүшү көрсөтүлдү. Ошондой эле кыргыз, кытай тилдеринде чыгармаларынан монологдор айтылып, сахналык көрүнүштөр, ыр-бийлер тартууланды. 

Адабий кеченин жүрүшүндө Ч.Айтматов боюнча кытайдагы эксперт-изилдөөчү Рен Чжен мырза «Ч.Айтматов жана Кытай» деп аталган темада баяндама жасап, студенттердин суроолоруна жооп берди.  

Иш-чаранын алкагында Чынгыз Айтматовдун кытай тилине которулган 40 тан ашуун китептеринин көргөзмөсү коюлду.

Бүгүнкү күндө Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары 165тен ашык тилге сүйлөйт. Кытай тилине алгачкы ирет 1961-жылы “Жамийла” повести которулса, учурда жазуучунун дээрлик бардык чыгармаларын  кытай тилинде окууга болот. 

Көзү тирүү болгондо аалам алпы Айтматов 12-декабрда 93 жашка чыкмак.

fotoğraf Galerisi